www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы күндөрү Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек ара өткөрмө пунктуларына байланышкан чыр-чатак, блокадалар тууралуу укпай калдыңыздарбы? Себеби эмнеде билесиздерби?

Мунун бардык себеби, Киров суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн аздыгы. Кыргыз тарап чындыгында Казакстандын саботажынан тажады окшойт. Акыры ушул чекке келди көрүнөт. Айрымдары Киров суу сактагычында суунун көлөмү азайып кетиптир, сууну сатып жатышканбы дешүүдө. Жок айланайындар, кышында казактар кайсы талаасын сугармак эле.

Негизи, Киров суу сактагычы убагында Казакстандын Жамбыл облусунун талаасын суу менен камсыз кылуу үчүн курулган объект. Айтсак, плотинадагы суунун 12 пайызын эле кыргыз тарап, 88 пайызын казак тарап колдонот. Ал эми казактарга жазында суу жетпей калса эмне болот? "Бунт" болот элинде, жеринде, ханын шыпырып түшүшөт. Ошону түшүнгөн казак бийлиги азыр Киров суу сактагычын карап, плотинанын бетине куюлган Лениндин сөлөкөтүн Кудайдай көрүп турат. Алар бизге айрым учурларда кандай экономикалык блокада уюштуруп жатат. Барыбыз көрүп, билип жатабыз. Фураларыбыз чек арадан өталбай жумалап, айлап, казак жергесинде “пробкада тыгылып” калып жатат. Андыктан биз дагы өзүбүздүн “рычагыбызды” туура жана өз убагында пайдалансак, азыркыдай...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости