www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова Юстиция министрлигинин жетекчилиги «Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасы ким?» деген суроого жооп бере албаганын айтты. Ал мындай пикирин 22-апрелде министрликтин алдында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери, партиянын мүчөлөрү митинг өткөрүп, Кодуранова министрликтин жетекчилиги менен сүйлөшүүгө кирип чыккандан кийин билдирди.
Партия мүчөлөрү уюмдун айланасындагы талашты жөнгө салыш үчүн өкмөткө жети күндүк мөөнөт коюп тарашты. Алар эгер маселе чечилбесе, андан ары чоң митингдер уюштурулаарын айтышты. Чогулгандар колдоруна «Саясий рейдерликке жол жок!», «КСДПдан колуңду тарт!» өңдүү бир катар жазууларды кармап, партиянын байрагын көтөрүп, министрдин отставкасын талап кылышты.
Булак: "Фабула"