www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сары карточкалар, сары баш кийимдер, сары тангычтар. Коррупцияга каршы өткөн митинг Бабановдун партиясынын дал ушундай сары түсү менен “жаркырады”.

Бул башталышы гана, океандын ары жагындагы кураторлор менен  байланышкан көмүскөдөгү иш – бул Бабановдун кол жазмасы.

Айтмакчы, уюштуруучулардын биринин айтымына караганда, митингчилердин көпчүлүгү БААУнун студенттери жана Батышта билим алган жаштар. Аларды уюштуруучулар алып чыгышкандыгын да  жашырган жок. Студенттер рюкзактары менен ары-бери басышып, митингде массовка түзүп жүрүштү.  Ырас эле, БААУнун студенттери кантип эле океандын ары жагындагы кураторлордун уруксаты жок лекция убагында сейилдеп жүрсүн? Акцияда белгилүү ырчы Мирбек Атабековдун келинчеги – АКШнын жараны Мээрим Толепберген да катышып жүргөндүгүн байкоого болот. Ырчы өзү акцияны “натыйжасыз” деп атап, катышуудан баш тартты. Американын  пропагандасы мына ошентип өлкөнү гана эмес, үй-бүлөлөрдү да бөлүп-жарат.

Жакында бир олуттуу аналитикалык ресурска USAID жана Сорос фондунун бардык  билим берүү программалары Кыргызстанда Батыштын жаштар канатын түзүүгө багытталгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Маалымат борбору чет элдик агенттердин саны 5 миңге жетиши мүмкүндүгүн билдирет. Бүгүн текшерүү болуп, ал эми митингчилер кожоюндарына көрүнүп коюу үчүн келишкен өңдүү.

Бабанов бул “кайнатмага” тиешеси бар экендиги билингенде кандай гана жан алакетке түштү. “Эки жылдан бери саясатка аралашпадым”, -дейт. Кантип эле? “Республиканын” лидери болуп турса, партиянын пардасынын артынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан болсо.

Ташиев чукул арада эле шайлоого  Бабанов менен тандем катары кайрадан бараары мүмкүн экендигин айтпадыбы. Ташиев анын баарын оюнан чыгарып айтпагандыр?

Акцияда болгону  жүздөгөн адамдар катышса да, аны соцтармактарда апыртып сенсация кылып жиберишти. Масштабдуу митинг болуп жаткан өңдүү видео, сүрөттөр тарады. Азаматтар  океан артындагы кожоюндарына отчет берди да.

Фейк митинг ошентип аяктады, аны эл үчүн эмес, бөлүнгөн гранттардын эсебинен жарандарды карама-каршы тукуруу үчүн өткөрүштү.

ЛГБТ митингинде түркүн түстүү желектердин астында катышкандардын  көпчүлүгү бул митингде да жүрүштү.

Дагы жакшы, ошол жерде да гейлердин, лесбиянкалардын пропагандасын тыга калышпады. Гомосексуализм медицинанын көз карашы менен четке кагылгандыктан, аларга ансыз деле эч ким тийбейт. Бирок, алардын эркектер менен эркектер жаткысы келгендигин айтып кыйкырганда, жүрүш кылганда аларды нормалдуу эркектер да түшүнгүсү келбейт. Сөздүн аягында кошумчалай кетсек, сөз эркиндигин баалашкан демократиялуу балдар 312 баракчасын блоктоо аракетин активдүү жүргүзүшүүдө.

Мырзалар, плюрализм принцибине негизделген ойлор, адамдын өз оюн эркин айта алуу укугучу? Грант жегичтер бир нерсеге катуу таарынган окшойт.

Владимир Петров

Интернеттен алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости