www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарык дүйнөгө келбей каза болгон наристемдин алдында дагы күнөөм тоодой. Дайыма түшүмдө ак жуурканга оролгон наристемди кучактап, мээримиңди төгүп отурган болосуң.
Анда сен да, мен да студент болуп, кошумча акча табуунун айынан бирге иштегенбиз. Ачка-ток калып, кээде жөө-жалаңдап жатаканага чейин бир чакырым жолду басат элек. Сен эч качан кабагыңды бүркөп, кыйналганыңды айткан эмессиң, күлкүң дале кулагымда жаңырып турат.
Мени көп жолу колдоп келдиң. Эки жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Андан кийин “үйлөнөбүз” деп бирге жашыруун жашап алдык. Алгачкы күндөрү кыйналдык, бирок сыр берген жоксуң. Акыркы жолу болбогон нерсеге уруша кетип, мен Казакстанга кетип калдым. Сени унутуу үчүн кеттим.
Ал жактан тез эле жумушка орношуп, сүйүктүү да таап алдым. Бирок сен түшүмдөн кетпей койдуң. Көрсө, мен жаңылыптырмын. Колуктум балага мээрими жок, өзүн гана ойлогон карөзгөй болуп чыкты. Бирок баары кеч болуп калган эле, кыздуу болгонбуз.
Күндөрдүн биринде шаарга келип, жатаканалаш курбуңа жолугуп калдым. Ошондо ал мен билбеген сенин тагдырыңды айтты. Сени “никесиз төрөбөй атасын тап” деп бир туугандарың кууп чыгып, барар жериң жок кыйналыптырсың.
Алты айдан ашканда иштеп жаткан кафеден “акча уурдады” деп жалган жалаа менен абакка киргизип койгон экен. Ал жерден боюңдан козголуп, кан кетип, каза болуп калган экенсиң.
А мен болсо сени унутуунун аракетин кылбадым беле? Кечир мени, сен түшүмдөн кетпейсиң. Мен сени сүйүп туруп тагдырыңа балта чаап, өлүмүңө себепкер болдум…
Булак: Азия News гезити