www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Улуу Британиядагы элчиси Андрей Келинди Владимир Путин менен Лавров желкелеп иштетип жаткандай. Ал эми элге эркелеп көнгөн Эдил Байсалов Улуу Британияга элчи болгону жашынбак ойногондон башканы билбей, ордуна Көк үйдүн биринчи вице-премьери Кубатбек Боронов иштеп жаткандай.

Кыргызстан жана Брекзит

Кыргызстан Брекзиттен кийин да Улуу Британия менен жаңы эки тараптуу макулдашууну түзүүгө даяр. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Лондон шаарында өткөн Кыргыз-британ инвестициялык форумунда билдирген. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кыргыз-британ мамилелеринин динамикасын жогору баалап, Улуу Британиянын 2019-жылдын 12-декабрында мөөнөтүнөн мурда жалпы шайлоодон кийин түзүлгөн өкмөтүн кыргыз тараптын  эки жактуу алакаларды өнүктүрүүдөгү жаңы демге умтулуусун колдойт.  Ал 2020-жылдын жылдын жазында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри баштаган делегациясын Улуу Британияны кабыл алууга чакырды.

Кубатбек Боронов өз билдирүүсүндө мындай деди: «Биз достош Бириккен Королдуктагы окуяларга дыкаттык менен көз салып турабыз. Үч жыл мурда референдумда билдирилген британ элинин тандоосун сыйлайбыз жана Улуу Британия Европа биримдигинен чыккан соң мындан аркы соода жана экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жолун аныктаган жаңы макулдашуунун түзүлүшүн күтөбүз».

Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Эдил Байсаловду Улуу Британиянын Королевасы Елизаветы II кабыл аларын белгилеген Кубатбек Боронов Улуу Даражалууга кыргыз элинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жылуу каалоо-тилектерди жолдогон.

Диананын баласы артист аялы менен Улуу Британиядан чыгып кеткен

 Британиялык ханзаада Диананын уулу  Гарри падышалык наамынан ажыратылганына өкүнүп жатканын кайрымдуулук иш-чарада сүйлөп жатып билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. Буга чейин ханзаада менен жубайы Меган Маркл падыша үй-бүлөсү менен байланыштырган кызматты бошотууну жана финансы жактан көз карандысыз болууну кабарлашкан. Букингем хан сарайы аларды падыша титулунан ажыраткан.“Мен ушул үчүн абдан жаман болуп жатам”,- деп ханзаада Гарри падышалык үй-бүлөсү менен чечилген акыркы келишимдер тууралуу айтты.

“Биз мамлкеткеттик каржылоосу жок эле ханышага, өлкөгө жана аскердик бирикмелерге кызмат кылууну улантабыз деген үмүтүбүз бар болчу. Тилекке каршы бул мүмкүн эмес”,-дейт ханзаада Гарри өз сөзүндө.Белгилей кетсек, 18-январда Букингем хан сарайы жубайлар падышалык үй-бүлөнүн келишими боюнча, падышалык милдеттерди аткаруудан бошотулуп, падышалык титулдан ажыратылганын кабарлаган. Мындан сырткары, жубайлар 2,4 млн фунтту, башкача айтканда алардын үйүн оңдоого мамлекеткеттин казынасынан кеткен каражатты кайтарып беришет жана мындан ары мамлекет тарабынан каржыланбайт. Ошондой эле, герцог жана герцогиня титулдары кала берет. Ханзааданын жана анын жубайынын расмий статусу ушул жылдын жаз айларында күчүнө кирет. Меган Маркл ханзаада Гарринин билдирүүсүнөн кийин Улуу Британиядан чыгып кетип, сегиз айлык баласы Арчи менен өзүнүн үй-бүлөсүнө Канадага учуп кеткен.

 

Диананын небереси качан төрөлгөн?

Меган Маркл Лондондун батышындагы Сент-Мэри бейтапканасында Арчини төрөгөн.. Салмагы 3,8 кг. Британ тактысынын мураскору төрөлгөнү тууралуу кабар салт боюнча Букингем сарайынын алдында жарыяланган.Британдык сарай расмий таркаткан маалыматта Королева, анын жолдошу Эдинбург герцогу, Уэлстин принци, Корнуолл герцогинясы, принц Гарри жана принц Уильям баары абдан кубанып жатышканы айтылган.

Меган Марклдын толгоосу  таң эрте башталып, ошол замат эле Лондондогу Сент-Мэри төрөт үйүнө жеткирилген. Принцесса Диана дагы өзүнүн эки уулун дал ушул ооруканада төрөгөн эле. Бул бала маркум принцесса Диана менен Уельстин принци Чарльздын алгачкы небереси болуп калган.

Алар болочок небересинин жынысы ким экенин алдын ала билүүдөн баш тартышкан. Эми алардын уулу - королдук тактыны ээлөөчү үчүнчү саптагы мураскор. Англия куралдуу күчтөрүнүн башчысы, Англикан чиркөөсүнүн улугу жана Шериктештиктин, же 16 мамлекеттин падышасы болмок.

Британиядагы королдук үй-бүлө уулдуу болуп, бул кабар дүйнөлүк медианын башкы жаңылыгы болгон.Наристе Британиянын келечектеги королу. Аны Британиялыктар өзгөчө шаң менен тосуп алышкан. Сент-Мэри төрөт үйүнүн алдында королдук жарчы бул кабарды кылымдар бою уланып келе жаткан жөрөлгө менен угузган.

Британия тактысынын үчүнчү саптагы мураскорунун төрөлүшүн жөнөкөй кишилерден тартып, өкмөт башчылары, дүйнөлүк лидерлерге чейин угуп, куттуктоо каттарын жолдошкон. Букимгем сарайынын жанында жүздөгөн кишилер баланын төрөлүшү тууралуу кабарды күтүп турушкан. Королдук баланын төрөлүшүн королева Элизавета Винзор сепилинен Букингемге кайтып келип куттуктады. Британ королдугунун үчунчү саптагы мураскорунун туулушун анын чоң атасы принц Чарльз дагы кубаныч менен белгиледи.

Алардын баласы уул болгону Британ тактысынын мураскору катары кырдаалды өзгөртпөйт. Себеби, буга чейин Британия королдук үй-бүлөнүн биринчи баласы кызбы же уулбу, жынысына карабастан бирдей укукта тактынын мураскору аталат деген мыйзам кабыл алынган.

Ал эми мураскордун туулушу бул өлкөдө болжолу менен отуз жылда бир келчү окуя. Королдук бөбөктүн жарык дүйнөгө келиши Британия эли гана эмес, королдук үй-бүлөнү мамлекеттик башчысы катары тааныган он беш өлкөнүн дагы майрамына айланган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости