www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Шымкент облусунда сексуалдык кызмат көргөзгөн мырзалар көбөйдү. Бул туурасында  Otyrar.kz. жазгандарга таянсак, бир канча жыл мурда, мындай маселе чанда кездешсе, учурда ал түп тамырынан өзгөргөн.  

Айтылгандарга караганда, секс-индустриясындагы интимдик кызмат көрсөткөн айымдардан айырмаланып эркектер үчүн атайын борделдер уюуштурулган эмес. Ошондой эле ортомчулары дагы жок кызмат көрсөтүшөт. 
Тагыраагы, эркектер атайын сайттарга катталып алышып, анда беттерин жашырып коюу менен дене мүчөлөрүн даңазалаган сүрөттөрүн жайгаштырышат. Аны менен бирге мырзалар көрсөтө туруучу кызматын айымдарга гана эмес эркектерге, ал тургай жубайларга дагы сунушташканы айтылууда.

Психологдордун ишендирүүсүндө, эркектердин интимдик кызматын өзүнө ишенбеген же психологиялык жактан артта калган, анын ичинде эркектерге үстөмдүк кылууну жакшы көргөн айымдар колдонору айтылат.  
Ал эми ошол эле учурда, жергиликтүү дарыгерлер коңгуроо кага башташты. Алардын көрсөткөн статистикасына таянсак, Казакстандын түштүк мегаполисинде, интимдик органдар аркылуу жуккан оорулардын, анын ичинде ВИЧтин саны өскөн.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости