www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Энергетика министрлигинин алкагында криптовалюта чыгара турган эки гана майнинг компания менен келишим түзүлгөн. Алар Кеминдеги "Соларкоин" жана "Камбар-Ата-2" ГЭСиндеги "МБТ Строй" компаниялары. Эми анын бири 1-августтан тарта электр кубатын Казакстандан алууга ниеттенип жатат.

Министр Таалайбек Ибраевдин "Азаттыкка" айтымында, 1-августтан тартып "Соларкоин" компаниясы электр кубатын Казакстандан алууга ниеттенген келишимди сунуштаган жана эми мындан ары Кыргызстандын энергетика тармагы мурдагы 5 сом 4 тыйындын ордуна транзит үчүн 23 тыйындан гана каражат алат.

Министрдин маалыматы боюнча бул эки компаниядан тышкары Энергетика министрлиги башка майнинг компаниялар менен келишим түзгөн эмес, ал эми Балыкчыдагы крипто ферма электрди жеке иштер Рахат Рысалиевдин чакан ГЭСинен алууда. Ошону менен бирге Таалайбек Ибраев Таш-Көмүр шаарындагы "Кристал" заводунда курулган майнинг компанияга мамлекет эч убакта бир да киловатт саат электр кубатын сатпаганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости