www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда кымбатчылык күчөп, Улуттук банк жыл аягына чейин инфляция 15%га чейин жетиши мүмкүн деп болжолдоодо. Август айында жылдык инфляция 12% түзгөн.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, 21-августка карата жыл башынан бери азык-түлүк 6,4%, азык-түлүк эмес товарлар 6,6%, ал эми кызмат көрсөтүүлөр 11,3% кымбаттаган.

Кымбатчылыкка күйүүчү майдын баасынын өсүшү да таасир этүүдө. Бир жыл ичинде бензин 17,7%, дизель майы 26,4% кымбаттаган. Ошол эле учурда электр энергиясынын тарифи 19,7%, суу 12,8%, газдын баасы 10%дан ашык өскөн.

Өлкөдө эттин баасы да жогорулады. Ошто уй эти былтыркы 750 сомдон быйыл 870 сомго чейин жеткен.

Расмий маалымат боюнча, 2026-жылдын биринчи жарымында реалдуу эмгек акы 15,3%, улуттук валютадагы керектөө насыялары 16,5% өскөн.

Последние новости