www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Генералы толтура Кыргызстанда «маршал» наамы жетишпей тургандай. «Генералиссимус» жана «Маршал» наамдарын берүүнүн дүйнөлүк стандарты бар. Болбосо 15 миң жоокери бар Кыргызстанда эмгиче» генералиссимустар» менен «маршалдар» жер жайнап кетишмек. Ансыз деле 150дөй генералдарыбыз бар. Кудай буюрса, маршалга деле стратегиялык тездик менен жете тургандайбыз. Анткени, президент Садыр Жапаров президент болоор менен генералдардын саны бешке көбөйдү. Президенттин февраль айынын аягындагы жарлыгы менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин аскердик наамы генерал-лейтенантка жогоруласа, ИИМ жетекчиси Улан Ниязбеков, ЖАМК башчысы Аскат Эгембердиев жана Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бекбосун Апсатаров генерал-майор наамына ээ болушкан. Жакында эле жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын төрт айдан ашык жетектеген Сыймык Жапыкеевге Финансы полициясынын генерал-майору наамы берилди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров аталган кызмат жоюлардан бир күн мурун кол койгонун президенттин маалымат кызматы тастыктады. Өкмөт аталган кызматтын жоюлуу себебин мекеменин иши максатка ылайык жүргүзүлбөй жатканы менен байланыштырган.

Кыргызстандын деңизи, флоту жок, бирок генерал менен кошо адмирал наамы бериле берет

Союз кезде эл кызыгып ыраазы,

Генералды көрсөк дешип ашыга.

Таш ыргытсаң борбор жакта сразы,

Тийет  эми генералдын башына.

 

Генералдар полковникке «абысын»,

Машыгышпай аскер ишке келет го.

Марш кылганга тизип алып барысын,

«Маршал» деген кыргыздарга керек го.

Ушунча генералдардын ичинен бир гана Шерниязов Болот–2010-жылы милициянын генерал-лейтенанты наамынан баш тарткан. Кенелер малдын канына талгак болушса, «Генерал» кимдин канына талгак? Албетте, мамлекеттик казынанын...

1991

Молдогазиев Бейше Молдогазиевич – милициянын генерал-майору

1992

Бубель Григорий Яковлевич – милициянын генерал-майору

Суталинов Абдыбек Асанкулович – милициянын генерал-майору

Орузбаев Кубанычбек Кудашевич – авиациянын генерал-майору

Бакаев Анарбек Курамаевич – авиациянын генерал-майору

1993

Чомоев Нурдин Абдымажитович – генерал-майор

Бошкоев Жоомарт Тербишалиевич – генерал-майор

Ларченко Александр Алексеевич – генерал-майор

Скаргин Анатолий Александрович – милициянын генерал-майору

Шамкеев Анарбек Шамкеевич – милициянын генерал-майору

1994

Алтыбаев Каныбек Аманович – генерал-майор

Аскарбек Мамеевич Мамеев – генерал-майор

Дубанаев Садырбек Мамбеталиевич – милициянын генерал-майору

1995

Бакаев Анарбек Курамаевич – генерал-лейтенант

Кошонов Анарбек Айтышевич – генерал-майор

Субанов Мырзакан Усурканович – генерал-полковник

Молдашев Мадалбек Молдашевич – генерал-майор

1996

Ниязов Мирослав Жумабекович – генерал-майор

Субанбеков Бакирдин Жамалович – милициянын генерал-майору

Кутуев Омурбек Алымбекович – милициянын генерал-лейтенанты

1997

Марат Темиров – вице-адмирал (генерал-лейтенант)

Кулов Феликс Шаршенбаевич – генерал-лейтенант

Молдобаев Тавалды Кадырович – генерал-майор

Абылов Мамбетжунус Абылович – генерал-майор

Камчыбеков Алмаз Камчыбекович – генерал-майор

Ишимов Бексултан Бекмолдоевич – милициянын генерал-лейтенанты

Исаев Рустамбек Исаевич – юстициянын генерал-майору

1998

Жумашов Жолон – генерал-майор

Асаналиев Тилек Асаналиевич – милициянын генерал-майору

Кубатбеков Курманбек Кубатбекович – милициянын генерал-майору

Суранчиев Абдылда Шергазиевич – милициянын генерал-майору

Курманалиев Доктурбек Бейшекеевич – бажы кызматынын генерал-полковниги

Закиров Кенешбек Асанкулович – бажы кызматынын генерал-лейтенанты

Турганбаев Надырбек Турганбаевич – бажы кызматынын генерал-майору

1999

Сыдыков Автандил Чынтурганович – финансы полициясынын генерал-майору

2000

Полуда Борис Александрович – генерал-майор

Литвинов Сергей Ильич – генерал-майор

Ормокоев Асылбек Жекшеналиевич – генерал-майор

Полуэктов Борис Трофимович – генерал-майор

Бөрүбаев Мурза-Али Бөрүбаевич – генерал-майор

Бакаев Ашырбек Бешкемпир уулу – генерал-майор

Айтбаев Таштемир Сыдыгалиевич – ички кызматтын генерал-лейтенанты

Тагаев Рашид Бакирович – милициянын генерал-майору

2001

Жамалов Абдижалил Кыргызбаевич – генерал-майор

Тыналиев Кубанычбай Алтымышевич – генерал-майор

Жанузаков Болот Чыныбаевич – милициянын генерал-лейтенанты

Айтматов Санжар Чыңгызович – бажы кызматынын генерал-майору

2002

Садиев Калмурат Садиевич – генерал-лейтенант

Ашыркулов Мисир Ашыркулович – генерал-лейтенант

2003

Мамыркулов Алик Бейшенович – генерал-майор

Верчагин Валерий Иванович – генерал-полковник

2004

Бекбоев Мэлс Сагыналиевич – генерал-майор

Куприянцев Сергей Борисович – генерал-майор

Литвинов Сергей Ильич – генерал-лейтенант

Маматов Акылбек Бердешович – генерал-майор

Чотбаев Абдыгул Абдрашитович – генерал-полковник

Иманкулов Калык Айтыгулович – генерал-полковник

Югай Борис Александрович – генерал-майор

Топоев Эсен Төлөнович – армиянын генералы

Жунусов Бейшенбай Мамбетөмүрович – генерал-майор

Алымкожоев Асанбек Тунгучбаевич – генерал-майор

Кайыпов Алыбай Кайыпович – ички кызматтын генерал-майору

Абдиев Курмантай Абдиевич – юстициянын генерал-майору

Батырбаев Бактыбек Сулайманович – юстициянын генерал-майору

Малабеков Замирбек Толобаевич – бажы кызматынын генерал-майору

Кожоналиев Кубатбек Азатович – юстициянын генерал-майору

2005

Исаков Исмаил Исакович – генерал-лейтенант

Жумабаев Шайбек Гиязович – генерал-майор

Абдылдаев Мыктыбек Юсупович – милициянын генерал-лейтенанты

Султанов Алимбай Алымбекович – милициянын генерал-майору

Киязов Кемелбек Абдыкадырович – милициянын генерал-майору

Мирзакаримов Шеркозиджан Мирзакаримович – милициянын генерал-майору

Суваналиев Омурбек Исакович – милициянын генерал-майору

Султанов Алымбай Алымбекович – милициянын генерал-майору

Алиев Чыныбек Тукешович – милициянын генерал-майору

2006

Жумагулов Малик Мукаевич – генерал-майор

Медетбеков Артур Капарович – генерал-майор

Молдошев Замир Мурзабекович – генерал-майор

Губов Сергей Иванович – милициянын генерал-майору

Субанов Темиркан Усурканович – милициянын генерал-майору

Айдаров Салайдин Абдираевич – бажы кызматынын генерал-майору

2007

Кудайбердиев Абибилла Алымович – генерал-майор

Калыев Бакытбек Төрөгулович – генерал-майор

Сатыбалдиев Элмурза Ракиевич – генерал-майор

Гуронов Осмоналы Ниязович – милициянын генерал-майору

Ногойбаев Болот Бердибекович – милициянын генерал-лейтенанты

2008

Алмаматов Турдубек Кулназарович – генерал-майор

Мавлянов Абдукапар Субанкулович – милициянын генерал-майору

Конгантиев Молдомуса Ташболотович – милициянын генерал-майору

Жакыпов Жеңишбек Илебаевич – милициянын генерал-майору

Кошоев Марат Темирбекович – юстициянын генерал-майору

Айжигитов Дастанбай Абдирашитович – юстициянын генерал-майору

Акматов Нурлан Орозбаевич – бажы кызматынын генерал-майору

Муйбиллаев Акимжан Муйбиллаевич – финансы полициясынын генерал-майору

2009

Садыров Максатбек Ажымалиевич – генерал-майор

Мамытов Токон Болотбекович – генерал-лейтенант

Мамасадыков Рустам Алайбекович – генерал-майор

Жапаров Аскарбек Маматович – генерал-майор

Алымбеков Бактыбек Мадаминович – милициянын генерал-майору

Коркмазов Хаджимурат Зулкарнаевич – милициянын генерал-майору

Исаев Талантбек Кедейканович – милициянын генерал-майору

Курманалиев Сабырбек Ушпаевич – милициянын генерал-майору

Раимбердиев Расулберди Раимбердиевич – милициянын генерал-майору

Сабиров Алишер Ахмедович – милициянын генерал-майору

Абышкаев Чубак Садыкович – юстициянын генерал-майору

Турсункулов Нурлан Жанышевич – бажы кызматынын генерал-майору

Суваналиев Самсалы Исакович – бажы кызматынын генерал-майору

Токочбаев Касеин Төлөгөнович – финансы полициясынын генерал-майору

2010

Кенжисариев Марат Сарымсакович – генерал-майор

Султанов Шерикбай Ганыевич – генерал-майор

Мирзаматов Рысбек Мамырович – генерал-майор

Касымалиев Мукамбет Шадыканович – генерал-майор

Тиленов Закир Керимович – генерал-майор

Иманкулов Марат Муканович – генерал-майор

Рысалиев Зарылбек Кылычбекович – милициянын генерал-майору

Турганбаев Мелис Токтомамбетович – милициянын генерал-майору

Байболов Кубат Калбекович – милициянын генерал-лейтенанты

Шерниязов Болотбек Эсентаевич – милициянын генерал-лейтенанты (Ушул наамдан баш тарткан)

Ашымбеков Нурланбек Ашымбекович – юстициянын генерал-майору

2011

Душебаев Кеңешбек Асанбекович – генерал-лейтенант

Мусаев Колбай Алишерович – генерал-майор

Омуралиев Таалайбек Барыктабасович – генерал-майор

Сабаева Замир Шекенович – генерал-майор

Мусаев Рыскелди Жусупович – генерал-майор

Байзаков Шейшенбек Калилбекович – милициянын генерал-майору

Асанов Курсан Сатарович – милициянын генерал-майору

Жунушалиев Кашкар Астаканович – милициянын генерал-майору

Турганбаев Айбек Калмакович – юстициянын генерал-майору

2014

Боронов Кубатбек Айылчыевич – генерал-майор

Табалдиев Бусурманкул Бектурович – генерал-полковник

Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич – милициянын генерал-майору

Жусубалиев Бактыбек Бейшеналиевич – милициянын генерал-майору

Шамшиев Уран Абдразакович – милициянын генерал-майору

2015

Райимберди Дуйшенбиев – генерал-майор

Чоткараев Дуйшенбек Озонович – генерал-майор

2017

Сегизбаев Абдил Кенешевич – генерал-майору

Суйумбаев Болотбек Турарович – генерал-майор

Абдыкаров Данияр Сатарбаевич – милициянын генерал-майору

Исраилов Улан Жумабекович – милициянын генерал-майору

2020

Салиев Талантбек Тагаевич – генерал-майор

Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич – милициянын генерал-майору

Каниметов Мирлан Дотонович – милициянын генерал-майору

Нурдинов Малик Абсаматович – милициянын генерал-майору

2021

Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич – генерал-лейтенант

Апсатаров Бекбосун Жакышылыкович – генерал-майор

Ниязбеков Улан Омоканович – милициянын генерал-майору

Эгембердиев Аскат Раимжанович – ички кызматтын генерал-майору

Жапыкеев Сыймык Асылбекович -

финансы полициясынын генерал-майору

Маршал наамы качан берилет?

Генерал жана ага тете болгон жогорку наамдар президент тарабынан атайын жарлык менен берилет. Отуз жыл ичинде 150дөн ашык адамга генерал жогорку наамы берилген болсо, алардын ичинен генерал-майорлордун саны – 123, генерал-лейтенанттардын саны – 20, генерал-полковниктердин саны – 6. Ал эми армиянын генералы эң жогорку аскердик наамды Кыргызстандын тарыхында жалгыз адам — Эсен Топоев алган. Маршал менен генералиссимус гана азырынча бериле элек. Аскар Акаев 80ге жакын адамга генерал наамын берген. Ал эмес флотубуз жок болсо да адмирал наамын бере берген. Өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева 15 адамга генерал наамын тапшырган. Сооронбай Жээнбеков үч жыл ичинде бул наамды төрт гана адамга берүүгө үлгүргөн. Кызыгы, алардын үчөөнө Жээнбеков президенттик кызматын тапшырар күнү ыйгарган. Президент болуп шайланган Садыр Жапаров болсо дароо эле беш жетекчиге бул жогорку наамды берди.

"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, эң төмөнкүсү генерал-майор, анан генерал-лейтенант, генерал-полковник андан кийин армиянын генералы, маршал, генералиссимус турат.
Генерал-майор

Диаметри 22 миллиметр болгон бир жылдыз тагылат. Погондун төмөнкү четинен биринчи жылдыздын ортосуна чейинки аралык 55 миллиметрди түзөт Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Салык кызматынын 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси деген наамдар даражасы боюнча генерал-майор наамы менен бирдей

Генерал-лейтенант

Диаметри 22 миллиметр болгон эки жылдыз тагылат. Погондун төмөнкү четинен биринчи жылдыздын ортосуна чейинки аралык 40 миллиметрди түзөт Ушундай эле наамдардын 2-класстагы же 2-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси наамы генерал-лейтенант менен барабар

Генерал-полковник

Диаметри 22 миллиметр болгон үч жылдыз тагылат. Погондун төмөнкү четинен биринчи жылдыздын ортосуна чейинки аралык 40 миллиметрди түзөт. Ал эми 1-класстагы же 1-рангдагы мамлекеттик кеңешчи деген наам генерал-полковникке тете. Бул наамдар жогорку кызматта иштеген аткаминерлерге (өкмөт башчылар, министрлер, мэрлер, дипломаттар, губернаторлор,) Жогорку Кеңештин төрагасына, депутаттарга, юстиция органдарында, сот системасында, Салык кызматында жана прокуратурада иштеген адамдарга берилет.

Экс-премьер Жоомарт Оторбаев, экс-төрага Асылбек Жээнбеков сыяктуу жогорку кызмат адамдарына Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, ал эми Бакыт Төрөбаев өңдүү бир нече депутатка Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси наамы берилген.

Класстык чиндерди алган мамлекеттик жогорку кызматкерлер атайын форма кийбейт. Бирок прокуратура жана сот тармагында иштеп жүрүп генералга тете болгон атайын рангдагы жогорку наам алгандар форма кийип чоң жылдызчасы бар погон тагынат. Бирок расмий генерал деп айтылбайт. Мисалы, мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова, Индира Жолдубаева сыяктуулар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости