www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Японияда Олимпиада отунун эстафетасы башталды

Японияда Олимпиада отунун эстафетасы башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар иш-чаранын трансляциясына шилтеме берүү менен жазышты.

Маалыматка ылайык, салтанат 2011-жылдагы кыйратуучу жер титирөөдөн жана цунамиден кийин өлкөнүн кайра жаралышынын символу катары тандалган Фукусима аймагында башталды. Биринчи факел көтөргөндөр Япониянын аялдар футбол командасы болушту. Алар ошол жылы Германияда өткөн Дүйнө чемпиондугун жеңип алышкан.

Олимпиада отунун эстафетасы Япониянын Токиого чейинки бардык 47 аймагынан өтөт.

20-март, ишемби күнү Токио Олимпиадасынын уюштуруу комитети мелдешти чет элдик күйөрмандарсыз өткөрүү боюнча акыркы чечимди кабыл алды. Киргизилген чектөө COVID-19дун жайылышына жол бербөөгө багытталган. Ошондой эле Японияда алар аралдарга вирустун жаңы түрлөрү кирип кетет деп кооптонушууда.

Олимпиада оюндары коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылдын жай мезгилине жылдырылган, тагыраагы, 23-июлдан 8-августка чейин өтөт деп пландалууда.


Булак: NazarNews.kg

Последние новости