www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык Кеңешинде жолбун иттерге жай табуу, каражат бөлүү тууралуу маселе көтөрүлдү. Иттин жатаканасын жакшырталы, жаңы шейшептер, жаздык менен камсыздайлы. Тамагын кубаттандырып, витамини көп азыктарды бышырып берели. Мончого түшкөн кезде импорт шампундарды пайдаланалы иттин деле ысык жаны бар да. Кыйын доктурларды жалдап, мурдагы көз караштан арылалы. Акчаны “досубуздан” аяган болбойт. Аларды атканды токтотуп көздүн карегиндей сактоого, ыңгайлуу жайлар менен камсыздоого аракетти күчтөйлү деген “демилге” токулганына өтө курсант болуп калдык.
Акча асмандан түшсө ошенте беришсин дечи. Бирок, ушундан коррупция жасоочулар чыкпайт деп ким кепилдик бере алат? Себеби, иттерге каралчу же бөлүнчү каражат миллиондоп кетерине деле шек саноого болбойт. Мындай “жөрөлгөлөрдү” көрө берип көзүбүзгө тирсек деле чыкпай калды го. Баса кутурган иттерди кантип сактасак болот? Балким Чым-Коргондон атайын жай бөлдүрүп, кыйын доктурларды ишке тартаарбыз? Буга деле куп, майли деген депутаттар четтен чыкпай койбойт. Аларда “боорукерлик” катуу өөрчүгөн эмеспи? Кыштын түрү бул болсо, жолбун иттерди эч ким бапестебесе, анан кантишмек эле кургурлар! Эмнеси болсо да шаардык кеңештин эл өкүлдөрү абдан маанилүү маселеге токтолушту, иттерге бөтөнчө мамиле жасоого октолушту, муз болуп тоңуп калган ордунан козголушту.
Ал ортодо биздин оор маселени качан чечип берер экен деп зарыга күтүп отурган кембагалдарга шайтан басып убакыт жетпей калды. Түштөнүүгө депутаттардын толук акысы барын жакшы билишет да. Алар мине күтө беришет, тигинде иттер шорлоп жайсыз, ачка калып жатса буларга эмне шам дешкен депутаттар бараандуу караандарын алыстата салабаттуу басып кетишти…
Булак: "Ачык сөз"