www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын карамагындагы 5-6 объект сатылып кеткен. Учурда федерацияга караштуу 34 кыймылсыз мүлк бар. Анын ичине – 6 курорт, 6 эс алуу үйү жана пансионаттар менен эс алуу жайлары кирет. Учурда ал кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү 29 адамдан турган кеңеш көзөмөлдөй турганы Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында белгилүү болду.
Бүгүнкү күндө профсоюздун мүлктөрүнө көз арткандар бар экени айтылууда. Анткен менен буга чейин менчикке өтүп кеткен, федерацияга тиешелүү мүлктөр кеңештин мүчөлөрү тарабынан кайтарылып жатканын Токой тармактар профсоюзунун төрагасы Канатбек Осмонов парламенттеги пленардык жыйында айтып берди.
- Байкап көрсөңүздөр бул мыйзам долбоордо федерациянын жетекчилигине артыкчылык берип жатат. Эми бир кишинин колуна бийлик тийсе, эртеңки күнү кыймылсыз мүлктөн ажырап калабызбы деген чо-оң коркунуч бар, – деп Осмонов өз сөзүндө мыйзам долбоордун калпыс жагын эскертип өттү.
Ошондой эле, сунушталган мыйзам долбоор жактырылып кетсе, кеңештин баардык мүчөлөрү жетекчилик берген буйрукту гана аткарган “марионетка” болуп калышарын, тоо-кен профсоюзунун төрагасы, Эльдар Тажибаев дагы кошумчалайт. Айтымында, кийинки күндөрү федерациянын карамагындагы мүлктөрдү сатуу боюнча жетекчиликтен 3-4 сунуш түшкөн. Алсак, рыноктогу баасы 4 миллион доллар турган “Кыргызстан” санаторийин 200-300 миң долларга сатуу сунушу коюлган. Анткен менен федерациялык кеңештин мүчөлөрү өз учурунда ал мүлктү сатып жиберүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес.
- Мына, бул жерде эч ким федерациянын президенти Мирбек Асанакуновдун жок экенине көңүл бурбай жатышат. Ал комитеттин бир дагы отурумдарында көрүнгөн жок. Анын аялы (ред.: Гүлкан Молдобекова) комитеттин төрайымы. Бул мыйзамга добуш бербөөсүн андан өтүнгөнбүз. Мында коррупциялык эле схемалар бар, -деп Тажибаев агынан жарылды.
Чындыгында, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда профсоюздун ишмердүүлүгүн бекемдей турган далилдүү бир дагы мыйзам айтылган жок. Тескерисинче айрым депутаттар андан бышпай калган, пункттарын таап чыгышты.
Эске сала кетсек, парламентте бүгүн, 2-сентябрда «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окууда талкууланып, анда түшүнүксүз жагдайлар орун алууда. Демилгечилер профсоюздун иши ачык айкын болуусун камсыздай турган мыйзам долбоор экенин билдиришсе, тармактык профсоюздардын жетекчилери мында кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы бар экенин айтып коңгуроо кагышууда.
Булак: NazarNews.kg