www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде КФБнын Аткаруу комитетинин отуруму болуп өттү. Жыйында өлкө футболунун 2026-жылдагы өнүгүүсүнө таасир этүүчү бир катар маанилүү маселелер каралып, 2025-жылдагы ишмердиктин жыйынтыктары боюнча докладдар угулду.
Аткаруу комитети 2025-жылкы спорттук сезонунун жыйынтыктарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын айымдар футбол ассоциациясынын, Балдар-өспүрүмдөр футбол лигасынын жана Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын иши боюнча отчетторду бекитти. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Жогорку лигасына жана Жаштар лигасына катышуучу командалардын тизмеси, ошондой эле 2026-жылдагы бардык мелдештердин регламенттери бекитилди.
Отурумда КФБнын Дисциплинардык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, Жогорку лига клубдары үчүн 2026-жылдагы арыз берүүчү төлөмдүн көлөмү аныкталды. Андан тышкары, футбол, футзал жана кум үстүндөгү футбол боюнча расмий жана жолдоштук беттештерди тейлөө акысынын өлчөмү бекитилди.
Ошол эле учурда Аткаруу комитети Кыргыз профессионалдык футбол лигасы тарабынан сунушталган байге фондун карап чыгып, аны 2026-жылкы сезон үчүн бекитүү чечимин кабыл алды.
Мындан тышкары, Аткаруу комитети КФБнын 2025-жылдагы финансы отчетун угуп, 2026-жылга карата бюджет долбоорун жактырды. Ошондой эле КФБнын 2026-жылга арналган иш-чаралар Реестри жана Календары бекитилип, Кыргызстандын Олимпиадалык (U-23) жана Улуттук айымдар курамасынын башкы машыктыруучулары расмий түрдө дайындалды.
Ага ылайык, U-23 Олимпиадалык кураманы буга чейинки машыктыруучусу Элмар Ласерда менен келишим узартылып, Улуттук айымдар курамасынын башкы машыктыруучусу болуп Антонио Месса дайындалды. Ал өз ишин U-17 кыздар курамасынын машыктыруучусу катары да улантат.
Жыйында кошумча түрдө КФБнын түзүмдөрүнө таандык иш-чараларды уюштуруу жана коммерциялык укуктарды өткөрүп берүү маселелери, КФБ Башкы катчысына ыйгарылуучу келишимдердин лимити, 2026-жылдагы КФБнын кезектеги Конгрессин чакыруу маселеси каралды. Ошондой эле ОФ «Машыктыруучулук билим берүү борбору» уюмунун КФБ мүчөлүгүнө кабыл алуу боюнча документтери талданып, оюнчу Ахматалиев Мирбекке карата дисциплинардык жазаны мындан аркы аткаруудан бошотуу маселеси каралып, жактырылды.
Мындан сырткары, Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдеги спорт колледжинде түзүлүп жаткан «Футбол академиясы» боюнча маалымат угулду.