www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

UFCнин жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагамедов Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун анын дарагине айткан билдирүүсүнө жооп кайтарды. Бул тууралуу Нурмагамедовдун соцтармактагы баракчасына жазылган. 

Эске сала кетсек, Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров буга чейин, Хабиб Нурмагомедов чечендердин "Ахмат" клубунун мушкерин жеңип алса, канча гонорар болбосун төлөп берүүгө даяр экендигин билдирип, анын карьерасындагы жетишкендиктерин да сындап өткөн.

“Хабиб UFCде баардык атандаштарын жеңди. Бирок, биздин “Ахмат” клубунун мушкерлерин жеңиши күмөн. Эгер, Хабиб биздин мушкерлер менен мушташууга даяр болсо, мен ал каалаган гонорарды төлөп берүүгө даярмын”, - деп билдирүү жасаган Кадыров.

Ошол эле учурда, Кадыров Хабиб "UFCнин акча табуу үчүн колдонулган долбоору" экендигин айткан.

"Хабиб мыкты спортчу, бирок, аны UFC акча табуу үчүн гана  долбоор катары колдонуп келген. Ал 100 пайыздык долбоор, анткени, алардын Дана Уайт менен мамилеси жакшы. Ошондой эле ал өзүн UFCнин долбоору экендигин билет. Эгер ал долбоор болбосо, анда мушташтарга Хабиб Россия Федерациясынын же Дагестандын желеги астында чыкмак да. Бир да жолу өз өлкөсүнүн желеги алдында октагонго чыккан эмес. Ошондуктан, эмне кылып жүргөнүн так билип, чемпион болгон. Чындыгында ал UFCнин долбоору болгон. Менин оюмча, ал менин сунушума дагы макул болот деп ойлойм. Хабиб чемпион эмес деп айтуудан алысмын, ал чемпион ", - деп кошумчалаган Кадыров.

Кийинчерээк, Нурмагомедов өзүнүн инстаграм баракчасына билдирүү жарыялап, анда Кадыровдун билдирүүсүнө кыйыр түрдө жооп берген.

"Биздин аксакалдар айткандай ат минип алып, Алланы унутуп, аттан түшүп калганда, аны эстеген болбойт. Эң жакшы ибадат - ыраазы болуу", - деп жазган UFCнин жеңил салмактагы мурдагы чемпиону.

Ал эми, Рамзан Кадыровдун мындай билдирүүсүнө соцтармак колдонуучуларынын көпчүлүгү нааразы болуп, чечен башчысы Хабиб Нурмагомедовдон кечирим сурашы  керек экенин жазышууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости