www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жаңы бийлик келсе куйругун "бултаң" этип чайпап жагынган, көзүн сүзүп, кашын кагып койнуна кире калган Өмүрбек Суваналиев деген "жыгач генерал" бар.

Октябрь окуясында аянтта ырдап бакты ачылып, бир кызматка бара коёмун деп, ташы түшкөн жеринде жарылып кеткен. Бечера эмне кылсын, Садыр Жапаровго жагынып жатып, Баткен облусуна губернатор болуп кетти.

Эми анын Баткен облусуна 3-4 айдагы салымы жана жоругу тууралуу кеп куралы.

Жасалма генералыңар ошол 3-4 айдын ичинде бир дагы жергиликтүү калкты жеке кабыл албаган. Эки орун басарына: --"Силер кабыл алгыла, чечкиле маселени, чечпесеңер кеткиле!", - деп уялбай кыйкырып коёт имиш. Көрсө, өзүнүн иши менен бизнесин жасаганы эле барыптыр.

Баса, Субаналиев "саткын" Жеңиш Раззаковго окшоп, Тажикстанга, Ленинабадга кирип кетип үч күн жоголуп кетип, кайра келген. Элестеткиле протоколсуз. Бул губернатор, мамлекеттик кызматкер да. Жөнү жок темселеп кирип, дайынсыз үч күн жоголуп, Тажикстанга кирип Рахмондун "бо.ун" жеп жүрдүбү?

Кыскасы, Катаниден Көтангине айланган Суваналиев дагы "сары машке саткын" Жеңиш Раззаковдун шериги, шпион, тажиктердин агенти болуп жүрбөсүн. Так ушул маселеге Камчыбек Ташиев тыкыр көзөмөл жүргүзүп, Катанисин жоопко тартпаса, каза болгондор үчүн ким жооп берет?!

Катардагы карапайым калк, "жакынкы аралыкта ызы-чуу болот, тажиктер даярданып жатат" деген "имиштерди" уккан.

Эмне себептен чертмекчи чекистиңер ызы-чуунун алдын алып, элди эвакуация кылган эмес? Өзү келип, ошол жерде чек арачылар менен элди сактап калбады. Куралсыз элди ок жааган жакка киргизип жиберди.

Жасалма, кооз сүйлөгөн короз генерал Суваналиев 28-29-апрель күндөрү кан төгүлгөн жерге басып барган эмес. Ал губернатор эмес – генералда. Эмне үчүн окуя болгон жерге барган жок? 

Эми, Суваналиев элди тажиктерге кырдыртып, өрттөтүп, айылдарды талкалатып коюп, унчукпай арыз жазып кызматынан кетип калышы керекпи? Андыктан, бийлик Өмүрбек Субаналиевдин үстүнөн кызматтык иликтөө жүргүзүп, Жеңиш Молдокматовдун ордуна түрмөгө киргизиши зарыл.

Ошондой эле, Баткен, Лейлек райондорунун акимдери, айыл өкмөттөрү, чек аранын жетекчилери Шаршеев баш болуп жооп бериши керек. Элдин өлүмү оюнчук эмес. Элдин пикири менен эсептеше турган адам барбы? Же ашмалтайы чыккан кадрлар менен элди кыйнай берелиби?

Ток этээрин айтканда губернаторлук кызматка генерал, полковник чек арачынын кереги жок. Баткендин элинин, тажик элинин моралдык, психологиясын жакшы түшүнгөн, экономиканы, чарбаны, өндүрүштү түшүнгөн элдик адам болуш керек. Губернатор - элдин жашоосун оңдош керек. Экономиканы өнүктүрүп, инвестиция тартып, өндүрүш, жумушчу орундарды түзүп, чек арада элди туруктуу сактап калышы шарт.

Баткенге Субаналиевге окшогон көчүгүнөн корккон, өзүн ойлогон, контробанданы гүлдөтүп, контробандисттерди коргоп жүргөн мафиянын өкүлү керек эмес.

Андыктан, Президент Садыр Жапаров жанындагы саткындардан, кошоматчылардан арылып, мыкты кадрларды мамлекеттик кызматка койбосо өзүнө эле кыйын болот.

Катаниге келсек, кырылган элдин өлүмүнө жооп берсин!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости