www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн, 12-июнда, кеңири курамдагы эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Монголияга расмий визит менен келүүгө чакырды.
Монголия Президенти белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлде өнүктүрүү боюнча активдүү чаралар көрүлүүдө.
Халтмаагийн Баттулга жолугушуулардын активдешкенин жана Кыргызстан менен Монголия ортосундагы сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлге чыкканын канааттануу менен баса белгиледи.
«Саясий мамилелердин өнүгүүсү башка чөйрөдөгү өнүгүүгө дагы жагымдуу таасирин тийгизет. Биринчи кезекте биз соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани беришибиз керек», - деп баса белгиледи Халтмаагийн Баттулга.
Монголия Президенти айыл чарба, ветеринария, маданий-гуманитардык байланыштарды бекмдөө, темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, финансы жана башка тармактарда кызматташтыкты активдештирүү жана тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди.
Мындан тышкары, Халтмаагийн Баттулга туризм чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү жана Ысык-Көл жана Хяргас-Нуур көлүнө биргелешкен маршрутту иштеп чыгууну сунуштады.
Булак: NazarNews.kg