www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хандын сөзү эки болбош керек

Ысык-Көл, Кочкор, Чүй аймагы тогошкон биосфералык аймактагы «Кызыл-Омпол» уран кенин иштетүү коомчулуктун каршылыгы менен токтотулган эле. Элдин нааразычылыгы күчөп бара жатканын байкаган бийлик уранды каздыруудан баш тартканын жар салып, абалды жайгаруу аракетин көргөн. Бул маселе боюнча эл президенттин позициясын билүү талабын коюп, өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков «Уран казылбайт» - деп так кесе айткан.

Бирок акча дегенде мекенди, элди сатып жиберүүдөн кайра тартпаган шылуундар акчаларын көтөрүп алышып ар кайсы редакциянын эшигин сагалашып, «уран казылсын» деген материалды коомго сиңирүүгө аракет көрүшүүдө. Кудум «уран казылбаса айлык, пенсия төлөнбөй калат, уранды иштетүүгө илгери эле уруксат берилген экен» деген жөө жомокторду токуп алып, кайрадан коомдук пикир жаратуу аракетин көрүшүүдө. Албетте, мунун артында бийлик турат. Бирок хандын сөзү эки болбош керек. Эгер уран казылса президент элдин ишеничинен чыгат. Хан калп сүйлөбөш керек...

«Дыйкан» базарын күч менен жапкан баскынчылыкка качан көңүл бурасыз?..

Эки жыл мурун бийлик жакшынакай иштеп, мамлекетке ири өлчөмдө салык төлөп пайда келтирип жаткан «Дыйкан» муниципалдык базарын күчкө салып жапкан. Бул баскынчылык иштин башында учурда коррупцияга шектелип абакта отурган Бишкек шаарынын ошол кездеги мэри Албек Ибраимов турган. Ленин районунун акими Нурдин Тынаев дагы бул иштен алыс эмес. Боткону чогуу чалышкан. Мына андан бери эки жылга аяк басты. Ал жерде иштеген 700дөн ашык соода-сатык жүргүзгөн ишкерлер көчөдө калышты. Жогорку Кеңештин Транспорт, курулуш, архитектура боюнча тармактык комитети «Дыйкан» базарын калыбына келтирүү боюнча токтом токуп Өкмөткө, тиешелүү органдарга табыштаган, Бирок жыйынтык жок.

Баскынчылык ишке жооп берчүлөрдүн кылы кыйшайбай жүрүшөт. Ишсиз калган элдин тагдыры, мамлекетке түшпөй калган миллиондогон сом зыянга башын ооруткан жан жок. Бул ишти президент Сооронбай Жээнбеков өзү көзөмөлгө алып тапшырма бербесе ордунан жылбайт өңдөнөт. Мыйзамды сактоо зарылдыгын талап кылып жаткан өлкө башчысы иши жок отурган 700 адамдын тагдырына кайдигер карабай «Дыйкан» базарын күч менен жапкан баскынчылыкка көз кырын салып, маселени адилет чечип бериши күндүн талабы болуп турат...

Булак: "Фабула"

Последние новости