www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ким Чен Ын армиясын күчтөндүрө турганын айтат

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөнүн аскердик дараметин күчтөндүрөөрүн айтып, ортодо чыңалууну пайда кылып жатат деп АКШны айыптады. "АКШ өзүнүн туура эмес аракеттери жана ой-жүгүртүүсү менен региондо чыңалуу жаратууда", - деп айтылат Кимдин бүгүн, 12-октябрда, Түндүк Кореянын кабар агенттиги аркылуу жасаган билдирүүсүндө.

Президент Джо Байдендин администрациясы Пхеньянга эч кандай кастык ниети жок экенин айтып келет.

Өз кезегинде Ким Чен Ын армияны күчтөндүрүү Түштүк Кореяга каршы багытталбаганын белгилеп, ошол эле маалда Сеулду эки жүздүүлүк кылып жатат деп күнөөлөдү. Анын айтымында, кошуна өлкө Түндүк Кореянын өзөктүк курал үстүндө иштеп жатканын айыптап, өзү болсо аскердик кубатын арттырууга, анын ичинде америкалык согуш учактарын сатып алууга "чоң каражат коротууда".

Белгилей кетсек, Ким Чен Ын 11-октябрда бийликтеги Жумушчу партиянын 76 жылдыгына арналган иш-чарада чыгып сүйлөгөн. Өткөн айда Пхеньян акыркы жарым жылда биринчи жолу ракета сынаган. Муну менен катар шарт тузүлсө, Сеул менен сүйлөшүүгө даярдыгын да билдирген.

АКШ Түндүк Корея менен сүйлөшүү өткөрүүнү сунуш кылып келет. Бирок Ким Вашингтон санкцияларды бошоңдотууга же Сеул менен биргелешкен аскердик машыгуу өткөргөндү токтотууну талап кылууда.

Эске салсак, Пхеньян тыюу салынган өзөктүк жана баллистикалык ракета программаларынан улам эл аралык коомчулуктун санкцияларына туш болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости