www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык армия үчүн иштеген котормочу Аман Халили жана анын үй-бүлөсү Ооганстандан эвакуацияланды. Алар алгач Пакистанга барып, ал жактан башка коопсуз өлкөгө чыгып кетти. Бул тууралуу ABC News телеканалы кабарлайт.

2008-жылы Халили АКШнын азыркы президенти Джо Байденди куткарууга жардамдашкан. Ал кезде Дэлавер штатынан сенатор болуп турган Байден жана анын эки кесиптеши Ооганстанга барган. Алардын тик учмасы бороонго туш болуп, авариялык шартта женрге конгон. Сенаторлорду куткарууга бир нече киши, анын ичинде Халили да жөнөтүлүп, алардын жардамы менен америкалык депутаттар кооптуу аймактан кайтып келген.

Быйыл августта АКШ өз аскерлерин жана аларга жардам берген Ооганстандын жарандарын эвакуациялай баштаганда Халили иммиграциялык виза ала албай калган. Мындан улам ал бир нече америкалык ЖМК аркылуу Байденге кайрылып, аны өлкөдөн чыгарып кетүүгө жардам берүүсүн өтүнгөн. "Мени жана үй-бүлөмдү куткаргыла. Мени бул жерде унутуп кетпегиле", – деп жазган котормочу.

Халилини жана "тобокелчилик тобундагы" 200гө жакын башка ооганстандыктарды эвакуациялаган Human First Coalition уюму Пакистандын премьер-министри Имран Ханга жана АКШ Мамлекеттик департаментинин бир нече кызматкерине ыраазычылык билдирди.

Америкалык аскерлер Ооганстанда дээрлик 20 жыл болду. Бул өлкөдөгү операция 2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йоркто болгон теракттардан кийин башталган. Аны "Аль-Каида" террордук кыймылынын Ооганстанда жашынган лидери Усама бин Ладен уюштурган. Узакка созулган бул согушта АКШ "Аль-Каидадан" тышкары талибдерге каршы да согушкан.

Акыркы америкалык учак Кабул аэропортунан быйыл 30-августта учуп кеткен. Андан соң "Талибан" кыймылы согуш аяктаганын жана анда "жеңишке жетишкенин" жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости