www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Китепти ачпастан окуу

 Индиго балдарынын паранормалдуу жөндөмдүүлүктөрү да кызыктуу. Канадалык Мей Уилсон 10 жашынан баштап анча чоң эмес буюмдарды эрки менен ордунан жылдыра баштаган. Новосибирсктеги Ярослава Паздер ушул эле курагында колу жана ойдун күчү менен адамдарды дарылай баштаган. Мындан сырткары, бул кыз өз шаарындагы кайсы гана адамды болбосун, кайда жүргөндүгүн билип койгон. Ярославага туугандарын жоготкон адамдар жана да полиция көп кайрылышкан.

Санкт-Петербургдук Сергей Краснов үч жашында китептин мукабасын ачпастан, мукабага колун коюп, китептин ичиндегилерди окуй алган. Сарансктык Наташа Деминди "Ренгтен-кыз" деп аташкан. Ал эч кандай атайын жабдыктарсыз эле адамдардын ички органдарын көрө алган жана оорулууларга так диагноз коё билген. Кыздын бул жөндөмдүүлүктөрү Улуу Британиянын көз карандысыз эксперттери тарабынан тастыкталган. Изилдөөчүлөр индиго балдары ээ болгон 20га чейинки паранормалдык феномендерди санашат: көзүн жумуу менен көрүү жөндөмү, ойду окуу, миңдеген километр алыстыктагы окуяларды билүү, алдын ала айтуу ж.б.д.у. с. Мисалы, 2011-жылдын 11-сентябрындагы трагедияга чейин, бир нече күн мурда волгограддык төрт жаштагы бала океандын ары жагында окшош эки чоң имарат жарылуудан кыйрай тургандыгын айткан.

Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ

Последние новости