www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз саясатында жүргөн эл башкарам деген төбөлдөрдүн баскан-турганына, ишмердүүлүгүнө, саясаттагы позициясына карата ар кандай каймана атка (кличка) ээ болушат.
Айрымдарына жармашкан каймана аты, өмүр бою лакап болуп калат.
Мына Алмазбек Атамбаевдин айрым аткаминерлерге карата айтканы, эл оозунда бүгүнкү күнгө чейин унутулбай айтылып келет.
Алсак, Өмүрбек Субаналиевди "Көтани", Жанар Акаевди "Балашка", Эдил Байсаловду "Эдичка" деп айткандары "кличка" катары ташка тамга баскандай болуп эскирбей айтылып жүрөт.
Мындан сырткары, Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов бою кыска болгондуктан, саясий чөйрөдө "Наполеон" деген атка ээ болгон.
Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчисинин орун басары Тынчтык Шайназаровдун "Ангус" деген каймана аты бар.
Кыргыз саясатында көрүнүктүү орду, салмагы бар Темир Сариевге карата, кайсы бийлик болсун эбин таап кирип кеткени үчүн "Тампон" деген кличка ыйгарылганы сөз болуп жүрөт.
"Ата Мекен" партиясынын атасы, Германиядагы элчи, саясатта өзгөчө салмагы бар Өмүрбек Текебаев жумурай журтка "Теке" каймана аты менен белгилүү. Аны өзү да шайлоодо жарнамалап, сыймык катары "Теке-Теке" аттуу трек чыгарган.
Азыркы кезде Кемпир-Абад чуусуна байланыштуу мыйзамсыз камакта отурган Азимбек Бекназаров "Бульдозер" деген атка ээ. Мындай каймана ат ага беттегенин бербеген өжөрлүгү, Кыргызстанда орун алган 2005-2010-жылкы революциянын бирден-бир күч берген таянычы болгондуктан ыйгарылган.
Азил-чыны аралашкан каймана атка ээ аткаминерлер тууралуу, ким кандай кличкага ээ экендиги боюнча кезек-кезеги менен жазып турабыз.
Булак: NazarNews.kg