www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Раззаковго каршы жазылган арыздардын башында чүйлүк Абдыкаир Казакбаев менен көлдүк Иса Ахунбаев турган. Булар ачык эле Москвага арызданышкан. Казакбаев 1958-жылы Кыргызстан КП БКнын секретары болуп келген, ал Раззаковдун ордун көздөп арыздарды уюштурган, 1961-жылы Раззаковду кызматтан кетирген соң Казакбаевди койбой кырк жаштагы Усубалиевди койгон. Казакбаев Усубалиевдин үстүнөн арыз жазып жүрүп 1963-жылы кызматынан айдалат. Иса Ахунбаев 1954 жылы 20-декабрда жаңы уюшулган Илимдер Академиясынын биринчи президенти болгон. 1960 –жылы 20-февралда Раззаков тарабынан бул кызматтан айдалат, ошол күндөн баштап Раззаковго каршы арыздардын башында туруп, Раззаков кызматынан кеткен соң хирург катары ишин улап 1975 жылдын 5 январында автокырсыктан көз жумгуча иштеген. Ахунбаевдин небереси Сталбек Ахунбаев Садыр Жапаровдун кеңешчиси.
Өзбекстандан келген Раззаков 1945 жылы Кыргызстандын министрлер советинин төрагасы болуп дайындалат. Ал кезде Сталин мындай жооптуу кызмат абдан тандап койчу. Сталиндин заманында эл чарбасындагы ошондой аксаган иштери үчүн 1949-жылы Кыргызстан КП БК тарабынан министрлер советинин төрагасы Исхак Раззаковго сөгүш берилген. Ага карабастан 1950-жылы ал Кыргызстан компартиясынын 1-катчысы болуп дайындалат. Себеби, иште кемчиликтер болгону менен өлкө өнүгүүгө багыт алып, жакшы көрсөткүчтөр, жетишкендиктер болгон. Министрлер советинин төрагасы катары Исхак Раззаков өзүн көрсөткөн үчүн ага ушундай чоң ишеним артылган. Завод-фабрикалар ишке киргизилип, тоолуу аймак агрардык өлкөдөн агрардык-индустриалдык мамлекетке айланган. Ал эми 1959-жылы КПСС БКнын пленумунда Латвия, Өзбекстан менен катар Кыргызстан да мамлекеттик пландын аткарылбагандыгы үчүн катуу сынга кабылат. Анткени Кыргыз ССРи айыл чарба продукцияларын өндүрүү боюнча алган милдеттенмелерин аткарган эмес.
Ушул эки жагдай И.Раззаковдун тагдырында чечүүчү ролду ойноп жатат. Биринчисинде, сөгүш берилгенине карабастан өлкө башчысы болуп дайындалган, экинчисинен кийин кызматтан алынган. Айрым кемчиликтерине карабастан, өлкө өргө карай кетип жатса, айыл чарбасында, өндүрүштө, экономикада арымдуу жылыштар болуп жаткан кезде Исхак Раззаковдун кызматтан алынышы күтүүсүз болгон.
Партиялык бийликтин бардык баскычтарын басып өтүп, жетекчи катары калыптанып, партияга берилип жан-дили менен кызмат кылган И.Раззаковду партия иштен алып, кароосуз калтырды. “И.Раззаковдун ордун Т.Усубалиев кутумчулук кылып тартып алды” деген сыяктуу жоромол, божомолдор туура эмес. Т.Усубалиев КПСС БКнын номенклатурасында турган, демек эртедир-кечтир катчылык орунга бармак. Партиялык номенклатура менен мамлекеттик башкарууда тажрыйбасы, билими жок Төрөбай Кулатов 30 жашында Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар советинин (өкмөтүнүн) төрагасы болуп дайындалса, тоодо кой кайтарып жүргөн Таштанбек Акматов Жогорку Советтин президиумунун төрагасы болуп келген эмеспи. Демек, И.Раззаковдун ооматы да, трагедиясы да ошол партиялык номенклатуранын контексинде каралганы жөн.
И.Раззаков чарбаны, өндүрүштү жакшы билген, коммунисттик партияга берилген лидер болгон. Ошол эле учурда саясый каталарды кетирген. Кыргызстандагы орто жана жогорку билимдүү улуттук кадрлардын өнөр жайда, айыл чарбасында, саламаттыкты сактоо тармагында, билим берүү жана илим жаатында өтө аз экендиги аны терең ойлонткон, түйшөлткөн, ушул көйгөйдү чечиш үчүн атайын токтомдорду кабыл алган, алтургай “жогорку окуу жайларына 60-70 пайыз кыргыздар кабыл алынсын” деп квота да бөлгөн. Анын өз эли үчүн чын дилинен күйүп кам көргөн ушундай аракеттери Кремлге жаккан эмес, ага улутчулдук катары баа беришкен.
Ошондон кийин кыргыз тилин орус мектептеринде окутуу чечимин өз колу менен кандай жокко чыгарса, бул чечимдерди да “ката” чечимдер катары жокко чыгарган. Ушундай “саясый каталары” анын Москванын алдындагы “күнөөсүн” көбөйтүп, кызматтан алууга шарт түзгөн. Эң негизгиси, И.Раззаковдун кызматтан алынышынын “сырларын” Н.Хрущев менен И.Раззаковдун ортосундагы жеке мамиледен издөө керек. Экөөнүн ортосунда чарбалык, партиялык иштер боюнча жана көз караштары боюнча да пикир келишпестиктер болбой койгон эмес. “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” дегендей, Н.Хрущев ага каршы сөз айткан И.Раззаковдой курч, кыйын, таланттуу жетекчилердин “көзүн тазалап” турган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg