www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Нарын облусунун Кочкор районундагы бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты.

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз борбору билдирди.

Министр 2026-жылдын июль айында болгон селден кийин “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын аймагындагы иштердин жүрүшүн текшерди.

Учурда беш тилкенин төртөө селден тазаланып, калган бир тилкеге габион торчолорун орнотуу маселеси каралууда.

Ошондой эле Чу дарыясына багытталган жаңы сел өткөрүүчү канал казуу боюнча тиешелүү тапшырма берилди.

Андан соң Канатбек Чыныбаев Кочкор районундагы К.Жүндүбаева атындагы 1800 орундуу мектептин курулушунун сапатын текшерди. Мектепти пайдаланууга берүү 2027-жылдын ноябрь айына пландалууда.

Мындан тышкары, Кочкор районунун Эпкин айылында жана Жумгал районунун Куйручук айылында өрт өчүрүү, тез жардам жана жол кайгуул кызматтары жайгаша турган заманбап бирдиктүү комплекстер курулары маалымдалды.

Аталган комплекстер үчүн атайын жер тилкелери бөлүнүп берилген.

Последние новости