www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кочкоров Улукбек качан “улуйт” ?

Министрлердин арасында Кочкоров Улукбек деген жаш, жаңы демилге менен иштей турган  министр бар. Жашы деле күн улап эмки жаштарга орун бошотуп баратат, ал эми ишинин үзүрүн ким көрүп жатканы белгисиз. Атамбаев президент кезинде  парламент депутаттарын тандап кийирчү, “Лык.лык, лык семиз лыкылдаган ким семиз” –деп. Атамбаевге кирип барган депутаттар, уруксаты жок эле чөгөлөп жыгылып “Журт атасы” элдин бары жыргап жатат деп айтышса, ушул гана Кочкоров Улукбек: “Элдин жашоо турмушу оор,  биз Өзбекстан –Кыргызстан жана Тажикстан-Кыргызстан чек арасын тактап алышыбыз керек. Сох сыяктуу анклавдарды, Барак сыяктуу  айылдарыбыздын тагдырын чечишибиз” керек деп мелтиреп турду. Атамбаев чоочуп кетти, анткени, башка депутаттардай чөгөлөбөй Кочкоров Улукбек өз оюн айтып жатат да. Жыйынтыгы Кочкоров Улукбекти жек көрүп калды. 2015-жылы парламентке депутаттарды өткөзүп жатып, Кочкоров Улукбек жаңы түзгөн партияга бутуңарды тоскула деп кошоматчыларына  буйрук берди. Кочкоров Улукбек партиясы менен өткөн жок, мен эми күрөшөм деп президенттик шайлоодо талапкердигин койду.  Программасын түздү татынакай, анын программасы боюнча түз эле коммунизмге кетмекпиз. Марага жеткен жок, Социалдык коргоо министрликтеги айым министр жана орун басарлары чет мамлекетте сайрандап жүрүшкөнү тууралуу сөз эл арасында таркады. Бүгүнкү бийлик туура реакция жасап, аларды “чээнине кийирди”, бул министрликтин бош ордуна ким барат деген маселе козголду. Кочкоров Улукбектин талапкердиги өтүп министр болду. Жаңы министр болору менен жашоо турмушу оордоп бараткандардын жашоо шарты менен таанышып, алдына опол тоодой маселе койгон. Бүгүн дымып калды, Кочкоров Улукбек качан “улуйт”  дешет деп  аксак –тескектердин бары көзүн андан албай калышкан. Бүгүн Улукбек мырза “улубай” бараткандай...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости