www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соңку убакта Алмазбек Атамбаевге эки вариантта чара көрүүгө кызыкдар күчтөр иштеп атыптыр. Биринчиси, камакка алуу менен тынчытуу болсо, экинчиси, Ташкентке качыруу идеясы. Эгер Атамбаев камалса, анын тарапташтары тынчыбай, төңкөрүштүк жолго барарын божомолдошууда. Ошондо эң жакшы варианты Өзбекстандын чек арасынан ары өткөрүп жиберүү экен.

Тилекке каршы, экс-президент эч жакка качпай турганын, түрмөгө түшкүчө атышып өлөрүн божурадыбы?.. Эске салсак, 2010-жылдын 6-апрелинде бакиевдик аскерлер Атамбаевдин үйүн курчап, алып кетүү үчүн командир Алмаз Жолдошалиев 4 саат алышкан. Аягында Атамбаев тапанчасын алып чыгып, өзүн атып алууга бир топ аракет жасаганын эске салалы. Жолдошалиев араңдан-зорго алдап-соолап атып, колунан куралын алган болчу. Ошол кырдаалда ал өзүнө ок чыгарып, тиги дүйнөгө түптүз кетмек. Себеби, Атамбаев «бакиевдердин колуна тирүү түшпөйм, өлүгүм ушул үйүмөн чыксын» деп катуу сөздөрдү айтканын билебиз.

Эң кызыгы, бүгүн да Атамбаев «өлүп болсо да бийликти ала жыгылам» дегени ыраспы? Эгерде жанын садага чабууга тобокелдикке барса, анда Кыргызстанда саясый жарылууга жол ачылат, тынчыбайт. Бизге 3-ирет кандуу төңкөрүштүн кереги барбы? Албетте, жок! Андыктан, экс-президент менен «абайлап ойнош» керек. Атамбаев өжөр, ызакор, жеке намысы үчүн ажалдан да коркпосу белгилүү.

Баарынан өкүнүчтүүсү, бүгүнкү бийликке жагынгандар: кечээ коррупция беренеси менен соттолгон эргулдар, саткынчылар, кошоматчылар болууда. Мындай адам сымал «айбандар» эртең Кыргызстанда чаң-тополоң болуп кетсе четке чыга беришет… Ошон үчүн арканды алыс ыргытып, терең анализ жасоо менен кадам таштайлы.

Булак: «АЗИЯnews»

Последние новости