www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу жакынкы күндөрү парламентке жөнөтүлөт.

Бул тууралуу аталган комиссиянын өкүлдөрү билдиришти.
Учурда корутунду даярдалып, кыргыз тилине которулууда. Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия негизги ишин 31-октябрда жыйынтыктаган. Буга чейин комиссиянын корутундусуна комиссиянын мүчөлөрү Клара Сооронкулова менен Жаркынбек Касымбеков кол коюшкан эмес. Клара Сооронкулова кол койбогонун Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операциянын башында турган УКМК, ИИМдин жетекчилеринин жоопкерчилиги каралбай калганы менен түшүндүргөн. 
Белгилей кетсек, Кой-Таштагы окуяларды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия 29-августта түзүлгөн.

 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости