www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2015-жылы ал кездеги “Мегакомду” сатыкка койгон өкмөт башчысы Сариев Кытайга иш сапары менен барып, ошондон соң кыргыздын мыкты ишканалары турса да, бул жолду салуу боюнча тендерди Кытай ишканасы утуп чыгат. Кытай ишканасы «Лонг Хай» — 6 миллиард 803,5 миллион сомго жолду куруу боюнча макулдашып, бир топ акчаларды жетекчилерге сугунткан дешет.
Төрт жылдан бери уланып келе жаткан Балыкчы - Корумду - Чолпон-Ата жолунун курулушу 2020-жылы аяктайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитеттеринин жалпы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Анын айтымында, жолду бүткөрүүгө каражаттар каралып, курулушту толугу менен бүткөрүү пландалууда.
Балыкчы - Корумду - Чолпон-Ата жолун оңдоо 2015-жылы башталган. Ал өлкө өз бюджетинен каржылап жаткан алгачкы ири долбоор. Аны кытайлык «Лонг Хай» компаниясы куруп жатат. Жалпы узундугу 104 чакырымды түзгөн жолду оңдоого жетиштүү каражат бөлүнбөй, бир топ чыр чыккан. Маселени парламентте түзүлгөн депутаттык комиссия да иликтеп, мурдагы премьер-министр Темир Сариев коррупцияга шектелип кызматтан кеткен.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg