www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ауу-у, Тайырбек Сарпашев деген “мамлекеттик-жеке ишкерди” көргөн жан барбы? Ой айланайын, анын кылган ишинин залакасы азыркыга чейин тийип жатат. Мамлекеттик каттоо кызматында жетекчи болуп турганда кыргыз паспортуна байланышкан далай ызы-чуу болду эле. Өлкө ичинде гана болсо гана.

2016-жылы Түркиянын Стамбул шаарынын эл аралык аэропортунда уйгур улутундагы 98 Кытай жараны жасалма кыргыз паспорту менен кармалганы эсиңердеби? Дүйнөгө бетибиз менен баткакка малынгандай эле болгонбуз. Элдин жүзүн карай албай.

Эми кыргыз паспортуна байланышкан дагы бир резонанстуу, эл аралык масштабдагы иш ачыкка чыгууда.  Түркиянын "CNN türk" телеканалы кабарлагандай, Казакстанда адам өлтүрүп, 15 жылдан бери Интерполдун линиясында издөөдө жүргөн Бакытжан Успанов  Түркиянын Кония шаарында кармалып отурат. Ал өз көрсөтмөсүндө эмне дептир билесиздерби? “Казакстанда адам өлтүргөндөн кийин мен Кыргызстанга качып барып, ал жакта жашадым. Анан кийинчерээк миң долларга кыргыз паспортун жасатып алып Түркияга келгем” – дептир. Мына сага тамаша.

Эми кармалган Бакытжан Успанов Казакстанга депортациялана турган болуптур. Ал эми Тайырбек Сарпашевден болсо дайын жок, чөлгө сиңген тамчыдай эле болду го...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости