www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
7-ноябрда Кара-Кулжа районунун Чалма айылында улак тартыш өткөрүлүп, ага белгилүү көк бөрүчүлөр да катышты. Аламан улак тартыштын алдында улакчылар 117 килограмм салмактагы торпокту эңүү боюнча күч сынашты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 117 килограммдык торпокту жерден көтөргөн эки көк бөрүчү сыйланган.
Чоң торпокту Манас Ниязов жерден так эңип алган. Торпокту атка эңип алуу керек эле, бирок, Ниязовдун аты бир жерге турбай койгон. Ошого карабастан той ээлери жана калыстар Ниязовдун аракетин эсепке алышкан. Дагы бир Жаныш улакчынын минген аты бир орунга туруп берип, ал торпокту жалга салып кеткен. Экөөнө той ээси байгеге тай ыйгарып, 100 доллардан акча берген.
Мындан тышкары Ысык-Көлдөн келген бир улакчыга аракет кылганы үчүн 100 доллар берилген.
Булак: NazarNews.kg