www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Малыматка ылайык, буйрукка 2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды объективдүү жана ар тараптуу иликтөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-августундагы № 3218-VI «2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал жөнүндө» токтомун аткаруу үчүн кол коюлган.
Мамлекеттик комиссияга бир айлык мөөнөттө кырдаалды иликтөө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берүү үчүн корутунду даярдоо тапшырылды.
2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы:
Разаков Жеңиш Парпиевич- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы;
Райымкулов Бакытбек Кеңешбекович- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү:
Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Бакчиев Жаныбек Абдукапарович- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Дюшалиев Абдыбек Кашымбекович- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Мамытов Талант Турдумаматович- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Субанбеков Бакирдин Жамалович- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Шайназаров Тынчтык Урайимович- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Араев Азамат Муратович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;
Абдысатаров Рысбек Курмангазиевич- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын коопсуздук жана коргоо боюнча секторунун башчысы
(макулдашуу боюнча);
Джаманкулов Марат Тургунбаевич- Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Намазалиев Алтынбек Абдисаламович- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Саккараев Марс Намарбекович- Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким;
Асанкулов Бекболсун Сатаркулович- Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагынын башчысы (макулдашуу боюнча);
Медетбеков Артур Капарович- “Антитеррор-Альфа” ветерандардын коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Исаков Исмаил Исакович - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Кожоналиев Кубатбек Азатович- коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Турсунбек Акун- коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Мамасалиев Алишер Тургунбаевич- эксперт, коомдук ишмер (макулдашуу боюнча).