www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомубузда балдарын мусулманчылыкка үйрөтүүнү каалаган ата-энелер көп. Бирок молдолорго окууга берүүдөн коркушат. Себеби, радикал ойлорун балдарга таңуулаган молдокелер жок эмес.
Учурда диний билимге талап өсүп жаткан маал. Бул бир жагынан жакшы болгону менен, экинчи тараптан кой терисин жамынган карышкырларды көбөйтүүдө. Балдары мечитке барып жаткан ата-энелерди коопсуздук маселеси тынчсыздандырат.
Бизге кайрылган ата-энелердин бирөөсү:
“Балам 15 жашта. Достору менен мечитке бара баштаганына аз эле болду. Башында жакшы эле каршы болгом, болбой достору менен кетип калды. Ашкере динчил болуп кетеби деп корком”,- деди.
Ошондой эле дагы бир ата-эне төмөнкүлөргө токтолду:
“Мен балам үчүн коркуп жатам, ал өзгөрдү, балким жакшы көңүл бура албай койгондуктанбы билбейм. Себеби, аялым экөөбүз балдардын келечеги үчүн деп күндөп-түндөп көр оокаттан азабы менен бошобойбуз. Албетте, ата-эне болгондон кийин баланы жакшы болуп чоңоюшун каалайбыз. Ата-эне деген эмне жакшы, эмне жаман экенин сезет. Ортончу эркек балам 19 жашта. Намаз окуйт анысы жакшы, ага сүйүнөм ичип, чегип жүргөндөн көрө намаз окуганы жакшы да, бирок эртеден кечке үйгө келбейт. Эмне кылып жүргөнүн билбейм.”
“Молдодон балдарга эмнени үйрөтөөрүн сурагыла”
Муфтияттын Даават, үгүт-насаат, ар түрдүү агымдар жана жаштар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Билал ажы Сайпиев алгач ата-энелер өздөрү мечитке барып, эмнелер тууралуу айтылаарын билиши керек деди:
- Бала мечитке барса эле бузулуп кетет деген ойдон алыс болушубуз керек. Мечитте радикалдар тууралуу сөздөр айтылбайт. Мечит - адамдар келип кулчулук кылган, ачык жер. Көбүнчө туура эмес пикирлер интернет айдыңдарында, өзүнчө батирлерде жайылтылат. Үйдө кооптонуп олтура бербестен, ата-энелер өздөрү мечитке барып, молдону угуп, эмнени окутуп жатканын сурап турса болот.
Билал ажы Сайпиевдин айтымында адамдын айткан сөзү анын ким экенин билсе болот:
- Адамдын сүйлөгөн сөзү, акылынын таразын билдирет. Имамдын айткандарынан эле, анын ким экенин, канчалык такшалгандыгын билүүгө болот.
“Көчөдөн үгүт жүргүзүү туура эмес”
Ата-энелер көчөдөн же мектептен жаштарды кармап алып дин тууралуу үгүт иштерин жүргүзгөндөрдөн коркушат.
Күмүшай апа небереси кооптуу диний топко кирип кетеби деп кабатыр:
“Неберем 13 жашта, кээде мектептен келе жатса дааватчылар кармап алып, ар нерселерди айта беришет экен. Эмнени айтты десем, балам “жөн эле” деп коёт. Эмне кылышты билбей калдым.”
Бөлүм башчынын айтымында мындай фактылар катталып келген:
- Оба, бизде бул сыяктуу учурлар болгон. Борбордук мечиттен дааватчылар чыгып алып, балдарга келиме айттырып жаткандарын адамдар тартып, интернетке жайылтып, нааразычылыктарын билдиришкен. Биз ал дааватчыларга “бала мечитке өзү келе турган болсо мейли, эгерде көчөдөн көрүп калсаңар, байке катары насаатыңарды эле айтып койгула" деп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз,-деди.
Сабаттуу молдо менен радикал молдонун айырмачылыктары
Теолог Кадыр Маликов имам эч качан жарандардын жеке ишине кийлигишпеши керектигин айтты:
Имамдын милдети диний жөрөлгөлөрдү жасап, аларды башкаруу гана эмес:
Теолог бүгүнкү күндө имам кандай болуш керек деген сурообузга төмөнкүчө жооп берди:
- Заман талабына ылайык, имамдар ислам жаатында гана билимге ээ болбостон, психология, тарых сыяктуу светтик илимдерден билим алып, дүйнө таанымы, ой жүгүртүүсү кең болушу керек. Маалыматтарды фанатизми жок, жаштарга түшүнүктүү тил менен жеткирүүсү зарыл.
Адамдар сак боло турган болсо, молдонун радикал экенин билип алса болот.
Сабаттуу молдо
Жай сүйлөйт
Катуу айтпайт
Коркутпайт
Башкаларды күнөөлөбөйт
Толеранттуу
Заман агымынан артта калбайт
Ар тараптуу билимге ээ
Мажбурлабайт
Өз оюн таңуулабайт
Түшүндүрүү иштерин коомдук жайларда жайылтат
Радикал молдо
Өктөм сүйлөйт
Катуу чакырыктарды жасайт
Коркутат
Адамдарды күнөөлөп “каапыр” дейт
Агрессивдүү
Жаңы нерселерди (инновация) кабыл албайт
Бир багытка катуу берилген
Өз оюн таңуулайт
Атайын жайларда топ-топ болуп чогулуп турушат (батир, үй, кеңсе)
Каапырларга каршы күрөшүүнү үгүттөп, мамлекетке каршы чакырыктарды жасайт
Радикализимге каршы күрөшүүдө, ар бир адамдын жардамы маанилүү. Жогоруда критерийлер адам радикалдуу диний агымдарга мүчө экенин көрсөткөн белгилердин айрымдары гана. Сизде молдого кандайдыр бир күмөнүңүз болсо, дароо укук коргоо органдарына кайрылыңыз.
Булак: "bilesinbi.kg"