www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууну контролдоо боюнча  жумушчу тобу кезектеги отурумунда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги коррупциялык коркунучтарды жоюу боюнча деталдуу планды карап чыгып, бекитти.

Буга чейин Коопсуздук кеңешинин эксперттик тобу министрликтин системасында 37 коррупциялык коркунучту аныктап чыккан.

Атап айтканда, коррупциялык коркунучтар өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана пландоодо бюджеттик каражаттарды натыйжасыз колдонуу; авариялык-калыбына келтирүүчү иштерди жана капиталдык курулушту жүргүзүүдөгү уурдоолор; алдын алуу чаралары жана өрткө каршы иш-чаралардын жоктугу; күйүүчү-майлоочу материалдарды жокко чыгаруу; камсыздандыруучу төлөмдөр; чарбалык эсептеги ӨКМдин ведомстволук бөлүмдөрүнүн рационалдуу эмес ишмердиги; ӨКМдин ведомстволук бөлүмдөрүнүн мүлктү ижарага бериши; мамлекеттик мүлктү жеке адамдарга мыйзамсыз өткөрүп берүүгө байланыштуу болгон.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев КР ӨКМдин системасындагы коррупциялык коркунучтарды жоюу максатында ведомстводогу бир катар процесстерди регламенттөө жана автоматташтыруунун маанисин белгиледи.

«Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жаратылыш кырсыктарынын жана өзгөчө кырдаал учурундагы иши максималдуу таза болушу керек. Министрликте жана анын структуралык бөлүмдөрүндөгү процесстердин бардыгы так регламенттелип, коррупциялык коркунучтардын пайда болушун жоюш керек», — деп айтты Дамир Сагынбаев.

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун отурумунда өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюуда товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алуу учурунда ӨКМдин кызмат адамдары менен байланыштуу айрым камсыздагычтардын катышуусунун маселеси көтөрүлдү.

Жумушчу тобунун мүчөлөрү коррупциялык коркунучтарга алып келүүчү  министрликтин Атайын алдын алуучу жоюу иш-чаралардын планына объектилерди киргизүү боюнча өз алдынчалык укуктарына көңүл бурушту.

Талкуунун натыйжасында жумушчу топтун мүчөлөрү КР ӨКМде коррупциялык коркунучтарды жоюу боюнча деталдуу планды бекитишти.

Ошондой эле КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдында Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментиндеги системдүү коррупцияны жоюу боюнча деталдуу пландарды ишке ашыруу мониторингинин жыйынтыктары каралды.

Жумушчу топтун мүчөлөрү коррупцияга каршы пландуу иш-чараларды ишке ашыруу боюнча кандайдыр бир жылыштар бар экенине карабастан, алардын аткарылыш мөөнөттөрүн кыйла бузуу байкалып жатканын белгилешти.

Отурумдун жыйынтыктары боюнча МККнын жетекчилиги жана Коопсуздук кеңешинин Катчылыгынын эксперттик тобуна аталган ведомстволордо системдүү коррупцияны жоюу боюнча пландарды актуалдаштыруу сунушу берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости