www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Балтадагы криминалдык топтор менен камыр-жумур болгон «лөктөр» канча жылдан бери шаар мэри Данияр Шабдановду кызматынан шыпырып түшө албай убара тартып келе жатышат. Президенттик шайлоодон кийин мэрликти баса жыгылууну каалаган ошол шумпайлар «Замандаш» партиясынын ичиндеги саясатка түшүнбөгөн айрым мадырабаш балдарды катарына тарта коюп, Икрам Илмияновдун кишиси деген ураан менен «атака» жасаган.
Бирок максатына жетпей «тиштери» сынып, тилектери талкаланып, «нокдаун» алган. Эки жылдан кийин эсине келген окшойт, баягыдай кутум иштеринин «куйругу» чубала баштады.
Дегенибиз, ошол жылдары түн ичинде көчөгө таштанды төктүрө коюп качып кетип жүргөн. Реванш алуу үчүн ошол ишин кайра кудум өзүндөй баштап, Рабочая көчөсүнө таштанды төктүрүп, аны КТРКнын эфиринен таратты, - дейт "Де- Факто" гезити.
Булак: NazarNews.kg