www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн аптада Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин кызматкери 10 000 сом пара менен кармалган.
Ал иште дагы кызыктуу жагдайлар ачыкка чыгууда. Көрсө, пара менен кармалган кызматкер жабырлануучуга интимдик байланышка барууга да мажбурлаган экен. Анысы аз келгенсип, жабыр тарткан келиндин унаасын өзүнө каттатууга сунуш кылгандыгы белгилүү болуп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири укук коргоо кызматындагы булактарына таянып жазып чыкты.
Иштин чоо-жайы төмөндөгүчө: Келин баласын уруп жиберет. Уулу апасынын кылыгын атасына айтат. Атасы болсо дароо эле милицияга кайрылып, арыз жазган. Милициянын бөлмөсүндө кызматкер келинге баладан баш тартуу боюнча тил кат жаз, болбосо кылмыш иши козголот деп коркуткан. Ошол эле учурда кызматкер ишти келин үчүн оң жакка чечүү үчүн 10 миң сом жана жабырлануучунун унаасын өзүнө каттатууну сунуштаган. Андан соң, экөө шаар четине чыгып, машиненин ичинен орган кызматкери келинге интимдик байланышты сунуштаган.
Эске салсак, буга чейин ИИМ жана Финпол биргелешип, Свердлов РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү 10 миң сом пара алып жатканда кармалгандыгын кабарлаган.
Булак: NazarNews.kg