www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Ата районунун Үй-бүлөлүк медициналык борборунун дарыгери Бектур Апышев апрель айында канча киреше тапканын көрсөттү: ал бир ай бою иштегени үчүн өзүнүн карта эсебине 3 миң 980 сом 76 тыйын алган. Айлык маянасынын скриншотун Twitter баракчасына жарыялаган.

«Эгерде кимдир бирөө дарыгерлердин айлык маянасы жакшы деп ойлоп жатса, анда болжол менен ушунча. Эмгек маянасы менен мактана турган кесиптештер барбы? Бөлүшүңүз”, - деп жазган дарыгер.

Посмотреть изображение в Твиттере

Ал белгилегендей, мамлекеттик ооруканаларда иштеген кызматкерлердин маяналары дээрлик ушундай суммада. «Тилекке каршы, мамлекеттик ишканаларда иштеген дарыгерлердин тажрыйбасын, даражасын жана башка нерселерин эске алганда да айлык акысы  дээрлик ушундай, нормалдуу эмес”, - деп жазган Бектур Апышев.

Комментарийде көптөгөн колдонуучулар  дарыгерлер үчүн санаа тартып, алардын таламын талашышкан. “Бул уят нерсе. Андан көрө, жеке сектордо иштеп көрүңүз. Мамлекет мындай дарыгерлерге татыктуу эмес”,-  деп социалдык тармактын колдонуучулары Бектур Апышевге кеңеш да беришкен.

Эске салсак, Бектур Апышев Твиттерде Саламаттыкты сактоо министрлигине байланыштуу көйгөйлөр жана бейтаптар менен байланышта болгон дарыгерлердин  тийиштүү коргонуучу каражаттары жок экенин айткан.

Кийинчерээк "туура эмес" маалымат айтканы үчүн кечирим сураган. Ошол окуядан кийин колдонуучулар жетекчилик аны камеранын алдында кечирим суроого мажбур кылганын айтып, дарыгерлерди коргоо үчүн флешмоб уюштурушкан.

COVID-19 в КР: Общественность встала на защиту медиков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости