www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Люксембург – коомдук унааларда жүрүү толугу менен бекер болгон дүйнөдөгү биринчи өлкө. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.  

Маалыматка караганда, бул шайлоо алдындагы убадалардын бири.

Мындай чечим жалпы транспорт системасынын абалын жакшыртат деп эсептелүүдө. Ошондой эле тыгындарды азайтат. Луксембург шаарында 115 миңдей адам жашайт, дагы 400 миңдей адам шаарга күнүгө жумушка келип кетет. Франция, Бельгия жана Германиядан дагы күнүнө 200 миңдей адам келип кетип турат. Бул 2016-жылы жол тыгындарынын пайда болушуна алып келген.

Коомдук транспортто жүрүүнү бекер кылуу 2019-жылдын жайларында пландалган, бирок, 2020-жылдын март айына жылдырылган.

Былтыр болсо 20 жашка чейинкилердин баары коомдук транспортто бекер жүрө турган мыйзам чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости