www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын (Гоэкотехинспекция) башчысы Жолдошбек Жунушев Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин иштен алына турган болду. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин төрагасы Дамир Сагынбаев журналисттерге маалымдады.
Буга чейин аталган мамлекеттик мекеменин алты кызматкери акча опузалоо боюнча кармалган болчу. Андан сырткары, мекемеде коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашырууда бир топ мүчүлүштүктөр байкалган.
Эске салсак, коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын жетекчилигине катуу сын-пикирин айтты.
Булак: NazarNews.kg