www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эске салсак, жыйында Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдардагы жыйындарында кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы жана өлкөнүн стратегиялык объекттеринин тизмегине сунуштар каралган.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча чечимдин долбоору кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн сунуштарын жана пикирлерин эске алуу менен иштелип чыкты.
Чечимдин тексти:
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө
Айрым ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга терең кирген коррупция, мамлекеттик органдар ортосундагы натыйжасыз өз ара кызматташуу, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инвесторлордун ишине кийлигишүүсү, ар кандай мамлекеттик органдар арасындагы так координациялоонун жоктугу жана башка ушул сыяктуу ар кандай негативдүү факторлор Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө бир нече жылдар бою терс таасирин тийгизип келди.
Бул бир гана сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарына гана эмес, ошондой эле экономиканын бүткүл тармактарына да таасир тийгизди.
Сот, көзөмөл жана укук коргоо системасындагы түзүлгөн көйгөйлүү абалды тез арада чечүү, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү жана кен казуу тармагындагы бышып жетилген көйгөйлөрдү жоюу, мамлекетти санариптик трансформациялоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши тарабынан 2018-жылы жана 2019-жылдын биринчи кварталында үч жыйналыш өткөрүлгөн, аларда тийиштүү чечимдер кабыл алынган.
Тактап айтканда, антикоррупциялык иш-чараларды күчөтүүгө, коррупцияга каршы аракеттенүүнүн натыйжалуу улуттук системасын түзүү боюнча ишти улантууга, сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарын ырааттуу реформалоого багытталган Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы № 1 «Кыргыз Республикасынын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө» чечими.
Инновациялык ыкмаларды колдонууга, алдыңкы маалыматтык коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен бардык процесстерди автоматташтырууга, мамлекетти санариптик трансформациялоону тездетүү жана санариптик экономикага өтүү үчүн институционалдык жана инфраструктуралык мүнөздөгү жетиштүү болгон шарттарды түзүү боюнча мамлекеттин, жарандык коомдун жана бизнестин күч-аракетин бириктирүүгө негизделген мамлекеттик башкаруунун маселелерине жаңы ыкмаларды иштеп чыгууга багытталган Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 «Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» чечими.
Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ыкчам жана иштиктүү чараларды көрүүгө, кен казуу тармагын башкаруунун натыйжалуу системасын түзүүгө жана экономиканын аталган секторун өнүктүрүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгууга багытталган Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2019-жылдын 30-январындагы № 1 «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» чечими.
Кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн кыска жана узак мөөнөттүү мамлекеттик саясатын аныктап, коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүгө жаңы түрткү берип жатканына карабастан, каралган бардык иш-чаралар тиешелүү деңгээлде жана белгиленген мөөнөттө ишке ашпай жатат.
Кээ бир учурларда башкаруучулук чечимдерди кабыл алууда ашыкча бюрократия же формалдык мамилелер байкалат. Чечимдерди аткаруу үчүн иштелип чыккан айрым ченемдик укуктук актыларды даярдоо жана андан ары бекитүү жол-жобосу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан негизсиз созулууда.
Жогоруда жазылганга байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин аталган чечимдерин ишке ашырууну камсыз кылуу, уюштуруучулук тыянактарды жана башкаруу чечимдерин кабыл алуу максатында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши
ЧЕЧИМ КЫЛДЫ:
— 2020-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө № 1, 2 жана
3 чечимдерде каралган иш-чараларды ишке ашырууга багытталган кошумча каржылоо булактарын аныктоо боюнча ишти жүргүзүү;
— № 1, 2 жана 3 чечимдерди ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара кызматташуусун жана координациялоону камсыз кылуу;
— «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча жол картасынын сапаттуу жана өз убагында аткарылышын контролдоону күчөтүү;
— 2020-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын № 3 чечимди аткаруусу боюнча натыйжалуу чараларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иштеп чыгуу;
— № 1, 2 жана 3 чечимдерде каралган иш-чараларды ишке ашырууга сапаттуу контролду камсыз кылуу;
— 2020-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө коррупциялык кылмыштарды жана мамлекеттик жана муниципалдык менчикти уурдоо менен байланышкан кылмыш иштерин иликтөөдө укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүнүн ишин жакшыртуу боюнча талдоо жүргүзүү жана сунуштарды киргизүү;
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте
2020-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө төмөнкүлөр каралган
2020-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизсин:
— заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга жараша коррупцияга каршы аракеттенүүнүн мыйзамдуу негиздерин түзүү;
2) № 1, 2 жана 3 чечимдерди ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү боюнча ишти улантсын.
1) мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтарды алмашуунун жоктугу үчүн (№ 2 чечимдин 3-пунктунун
1-пунктчасынын 2-абзацын аткаруу боюнча) төмөнкү мамлекеттик органдардын жана ведомстволук уюмдардын жетекчилерине эскертүү берүү:
2) «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу калкка санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүү жол-жоболорун автоматташтыруу жана жөнөкөйлөтүү процессин жана биринчи кезектеги маалымат базаларын иштеп чыгууну создуктургандыгы үчүн (№ 2 чечимдин 3-пунктунун 1-пунктчасынын
1-абзацын аткаруу боюнча) төмөнкү мамлекеттик органдардын жетекчилерине эскертүү берүү:
— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;
3) маалымкаттарды автоматташтыруу процессин создуктургандыгы үчүн (№ 2 чечимдин 3-пунктунун 1-пунктчасынын
1-абзацын аткаруу боюнча) төмөнкү мамлекеттик органдардын жетекчилерине эскертүү берүү:
— Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы;
4) № 1 чечимди ишке ашыруу боюнча сапатсыз маалыматтарды бергендиги, ошондой эле мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашуунун жоктугу үчүн (№ 2 чечимдин 3-пунктунун
1-пунктчасынын 2-абзацын аткаруу боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) жетекчилигине эскертүү берүү;
5) № 3 чечимде көрсөтүлгөн сунуштарды ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын контролдоонун жана координациялоонун жоктугу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси — министри С. А. Кылжыевге эскертүү берүү;
6) «Мектеп медицинасы — IT-бейтапкана» жана «Акылдуу мектеп» долбоорлорун 2019-жылдын 1-июлунан тартып киргизүү боюнча
(№ 2 чечимдин 5-пунктун аткаруу боюнча) формалдуу иш жүргүзгөндүгү, ошондой эле маалымкаттарды автоматташтыруу процессин жана «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу калкка санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнү жана биринчи кезектеги маалымат базаларын иштеп чыгууну создуктургандыгы үчүн
(№ 2 чечимдин 3-пунктунун 1-пунктчасынын 1-абзацын аткаруу боюнча) төмөнкү мамлекеттик органдардын жетекчилерине сөгүш жарыялоо:
— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;
— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
7) авариялык абалда турган жана өзгөчө кесепеттердин келип чыгышына алып келиши мүмкүн болгон же экологиялык жана техникалык коопсуздуктун талаптарына жооп бербеген зыяндуу калдык сактоочу жайларды кайтарып алуу жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына коюу жана зыяндуу калдык сактоочу жайларды андан ары иштетүү жана күтүү максатында жеке жактарга өткөрүп берүүгө тыюу салуу боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн (№ 3 чечимдин 4-пунктунун 6-пунктчасын жана
4-пунктунун 7-пунктчасын аткаруу боюнча) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилигине сөгүш берүү;
8) Кара-Кече көмүр кенин толук экологиялык изилдөө боюнча тапшырмаларга формалдуу мамиле жасагандыгы, ошондой эле мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашуунун жоктугу үчүн (№ 2 чечимдин 3-пунктунун 1-пунктчасынын 2-абзацын аткаруу боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчилигине сөгүш берүү;
9) «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу коммерциялык уюмдар менен маалымат алмашуу процессин негизсиз үзгүлтүккө учураткандыгы, ошондой эле маалымкаттарды автоматташтыруу процессин создуктургандыгы үчүн (№ 2 чечимдин 3-пунктунун 1-пунктчасынын 1-абзацын аткаруу боюнча) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жетекчилигине катуу сөгүш берүү;
10) мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашуунун жоктугу (№ 2 чечимдин 3-пунктунун 1-пунктчасынын 2-абзацын аткаруу боюнча) жана № 3 чечимде каралган сунуштарды канааттандырарлык эмес ишке ашыргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Э. К. Осмонбетовго жана анын орун басарлары К. Э. Ибраевге жана М. К. Джаманбаевге катуу сөгүш берүү;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери тарабынан системалуу кызматтык кылмыштарды жасоого алып келген, кол алдындагы адамдардын ишине ведомстволук контролдун жоктугу үчүн аталган инспекциянын директору
Дж.М. Джунушевди ээлеген кызматынан бошотуу.
— Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы;
— Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы;
— Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети;
— Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы.
— № 1, 2 жана 3 чечимдерди ишке ашыруу маселесин тескеген өзүнүн орун басарларын, ошондой эле жооптуу аткаруучуларды аталган чечимдердин сунуштарын өз убагында ишке ашырбагандыгы үчүн катуу тартип жоопкерчилигине тартсын;
— № 1, 2 жана 3 чечимдерди ишке ашыруу боюнча так эмес же сапатсыз маалыматты берген ар бир учур боюнча күнөөлүү адамдарды катуу тартип жоопкерчилигине тартуу менен кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзсүн.
Булак: NazarNews.kg