www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 4-ноябрдан баштап iPhone жана iPadдын эски моделдерине жаңы программалык камсыздоону көчүрбөсө ордун аныктоо системасын иштетүү кыйынчылык туудурат. Apple корпорациясы мына ушундай маалымат таратты.
Маалыматка караганда, бул 2012-жылга чейин чыккан моделдерге тиешелүү. Бул көйгөй ушул жылдын апрель айынан баштап GPS прораммасынын убакытынын жылышынан улам болуп жатат. Убакыттын жылышынын таасири Apple моделиндеги телефондордо Бишкек убактысы боюнча 06:00дө башталган.
iPhone 5 колдонуучулары программаны жаңылабаса App Store, iCloud, электрондук почта жана браузерге кирүү мүмкүндүгү өчүрүлөт. Себеби, бул программанын баары датадан жана убакыттан көз каранды.
iPhone 5 колдонуучулары 3-ноябрга чейин программалык камсыздоону жаңылабаса, маалыматтар көчүрмөсүн түзүүсү керек. iCloud иштебегендиктен ал көчүрмөнү Mac же компьютердин Windows'дон калыбына келтирүү зарыл.
Булак: NazarNews.kg