www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында Хеллоуин майрамын белгилөөдө каза болгондордун саны 154кө жетти. Буга чейин 151 адам набыт болгону кабарланган.

Түштүк Кореянын The Chosun Ilbo гезити көп сандаган адамдын өлүмүнө алып келген кырсык кандайча болгонун жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, каргаша Хеллоуин майрамын белгилөө учурунда болгон. Барлар менен клубдар жакын жайгашкан метронун станциясына 130 миңдей адам чогулган. Көчөнүн туурасы болгону төрт метр экенин эсепке албаган эл башкы көчөгө агылган. Адамдар мүнөтүнө бир нече гана кадам жасашканы айтылды. Болжол менен саат 22.15те алгачкылар жыгылып, артындагылар үстү-үстүнө кулаган.

Күбөлөрдүн айтымында, биринин үстүнө бири кулагандар 6-7 катар болуп калганына карабай масса алдыга жылып, абалды курчуткан. Кайсы бир маалда 18 чарчы метрде 300дөй адамдын калганы айтылды.

Кээ бир жергиликтүү маалымат каражаттары тепселен көп сандаган адамдар Itaewon барына белгилүү бир адам келгенин уккандан кийин ал жакка умтулгандан кийин болгонун жазышты.

Медиктер жабыркагандарга саат 23.00дө гана жете алышкан. Бул маалда алгачкы болуп жыгылгандар каза болуп калганы аныкталган. Итхэвон районунда болгон кырсыктын натыйжасында 154 киши өлүп, 130дан ашуун адам ар кандай жаракат алды. Көз жумган 26 чет элдиктин арасында Казакстандын бир, Өзбекстандын бир жана Россиянын да төрт жараны бар.

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль жалпы улуттук аза күтүү күнүн жарыялап, ал 5-ноябрга чейин созулааары айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости