www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коргоо министрлиги жоюлуп кеткен, азыркы бийлик учурунда кайра ачылды. Советтик Армия дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын бири болгон. СССР заманында Кыргызстандын куралдуу күчтөрү Орто Азия аскер округуна тиешелүү эле. 1991-жылы СССР “кансыз жол” менен бөлүнө турганда, ар бир мамлекетте эмне мүлк болсо, ошонун бары ошол мамлекетке тиешелүү болгон. Бир гана ядролук куралдары Украина, Казакстан, Белорусиядан алынып, Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө топтолуп, ал гана ядролук мамлекетке айланган. Бирок, бизге тиешелүү аскердик мүлккө суук колун матыргандар да болбой койгон жок. Кыргызстан өз алдынча эгемендүү мамлекет болгон соң Феликс Кулов ал мезгилде жаңы ишке кирген вице –президенттик кызматты ээлейт. Ал бул кызматынан пайдаланып Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн тик учмаларын (вертолет) Орусияга сатып жиберип, ансыз деле союз тарап күчү азайып бараткан кыргыз армиясынын күчүн азайтууга зор салым кошкон.
Кыргызстанда куралга анчалык деле бай эмес, Куловдун «аскердик стратегиялык идеясы» кийин кайрадан кайталанат. Бул «идеяны» бийлик үчүн «кумурсканын жөтөлгөн дабышын» уга билген, ал кездеги тышкы саясатты жетектеп турган президенттик аппараттын жетекчисин орун басары Сапар Исаков баштайт. Ага каршы чыккан Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев болот. Советтик Армиянын взвод командириринен 2010-жылы Кыргызстандын Коргоо министрлигине чейинки тепкичти басып өткөн ноокаттык жигит Абибилла Кудайбердиев бийлик менен бир пикирлеш болбогондуктан 2011-жылы Алмазбек Атамбаев президент болгон соң командасына кошкон эмес. Арийне, көпчүлүктүн түрткүсү менен иштөө дарамети кенен Абибилла Кудайбердиевди кайрадан 2014-жылы апрелде жаңы түзүлгөн өкмөттө Коргоо министри кылып дайындоого мажбур болот. Анткени, Абибилла Кудайбердиев 1999-2000 –жылдарда Шамкеев сыяктуу генералдар шүмүрөйүп колго түшүп жатканда, кажыбас кайраттуулугу менен өзүн көрсөтүп можахеддердин сазайын колуна берип жүрүп, «жарк» этип элге көрүнүп калган. Ошондон уламбы «Манас» орденине, «Эрдик» медалдарына татыктуу болгон Абибилла Кудайбердиевге 2007-жылы генерал наамы ыйгарылган. Ал Коргоо министри болуп жүргөндө 2015-жылы ал мезгилде мурун «Манас-Ганси» авиабазасына көз боемочулук менен мунайзат сатып, Бабанов менен бирге кекиртектен байып алган, Атамбаев президент кезинде «Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем» -деп калган Сапар Исаков «байуунун жаңы сырларын» ачат. Сапар Исаков жоктон тапкансып тик учмаларды Уганда мамлекети аркылуу Сомалиге арендага берүү маселесин көтөрө баштайт. Албетте, бул үчүн мамлекет башчысынын колдоосун алыш керек эле. Ал кездеги президент Атамбаев Сапар Исаков жөтөлсө дагы адреланин берип тургандыктан, анын оюн кубаттоого алат.
Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев принципиалдуу болгондуктан, патриоттук сезимди бекем кармап тик учмаларды Сомалиге берүүгө каршы чыгып, алар кетпей калган. Бирок Абибилла Кудайбердиев ошол позициясы үчүн Сапар Исаковдун жек көрүндү министрине айланып, бийлик тараптан жумуштан алынып, фальсификация жолу менен иш козголуп, куугунттукка кабыл болгон. Турмуш эми кимдики ак, кимдики кара экенин тактап жатат. Кызматынан айдалса да Абибилла Кудайбердиев бирок тик учмаларды сактап калган, алар эч жакка кеткен эмес.
Кыргызстанга Орусия мамлекети 1 млрд долларга жакын ок -дары, курал жардам берген. Албетте, муну сарамжалдуу колдонсок болмок. 2015-жылы августта Сапар Исаков деңиз каракчыларынын ордосуна айланган Сомалиге Ми-24В 2 вертолет жана Ми-8МТВ 2 вертолетун берүүнү сунуштайт. Ал кезде тышкы саясатты жетектеп турган президенттик аппараттын жетекчисин орун басары Сапар Исаков бул демилгени Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына төп келет деп да жазган. Бул сунуш 2015-жылдын 10-авгусунда тапшырма катары Коргоо министрлигине жөнөтүлгөн.
Тик учманы сатуу балким Сапар Исаковдун кызыкчылыгына төп келер, арийне Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына төп келбейт:
1. Кыргызстанда вертолет чыгара турган ишкана жок. Бул Орусиянын Кыргызстанга берген 1 млрд долларынын эсебинен келген. Орусия деңиз каракчылыгынын эсебинен туйтунган Сомалиге вертолет сатсын деп жардам берген эмес.
2. 2015-жылы Орусия да, АКШ да Сирияда алаксып турган. Бул жердеги террорист-экстремисттерге каршы чыккан Орусиянын кызыкчылыгы АКШ менен тереңдеп, алыстап бараткан. Кыргызстандын Сомалиге саткан вертолеттору менен, албетте орус бийлиги толук кабардар болгон. Бирок, Сомали Кыргызстандын ЕврАзЭСке, Бажы Союзуна кошулушунун алдында шоона эшпей турган. Ошол мезгилде вертолетко ээ болгон Сомали деңиз каракчылары Орусиянын кемелерине кол сала баштаган.
Орусия Сомалилик деңиз каракчыларынан кандай запкы жеген?
1.2003- жылдын 4 мартында —сомалилик пираттар Сауд Арабиясынан Кенияга бараткан орус танкери «Монеронго» чабуул жасашат. Эки моторлуу кайыкта 7 пират бар эле. «Токтот» деген деңиз каракчыларынын айтканын укпаган соң автомат, гранатометтордон окту мөндүрдөй жаадырышкан. Бир саатка созулган деңиз каракчыларынын аракетине орус кемеси да жооп айткан. Кокус пираттардын колунда вертолеттор болгондо уруш узак созулмак.
2.2008-жылы 23 сентябрда — Орусиянын ВМФ главкому адмирал Владимир Высоцкий Сомалидеги пираттар менен кармаш пландалууда деген.
3.2008-жылдын 26 сентябрында Балтфлоттон «Неустрашимый» корабли Сомалинин пираттарына каршы күзөтүүгө чыгат.
4.2008-жылдын 11 ноябрында —Орус жана Улуу Британия ВМФсы «Пауэрфул» кемесин бошотот, үч пират өлүп, сегизөө жарадар болгон.
5.2009-жылдын 7 апрелинде, Сингапурга бара жаткан орус танкери NS Commander автомат, гранамоттер менен куралданган сомалилик пираттар тарабынан чабуулга алынган.
6.2009-жылдын 27-апрелинде Тынч океан флотунан пираттар менен күрөш жүргүзүү үчүн «Адмирал Пантелеев», «МБ-37», «Ижора» жана «Иркут» киргизилет. «Адмирал Пантелеевде» 2 тик учма, деңиз пехотасы болгон.
Сомалидеги деңиз каракчыларынан бир гана жылдагы зыян тартуу 6,6-6,9 млрд доллар болгон. Бул тууралуу Oceans Beyond Piracy — америкалык One Earth Future фондунун долбоору жазат.. «Сиборн спирит» лайнерин, «Розен» кемесин, япон танкерин, «Свитцер Корсаковду», «Ле Понанды», испандык «Плая де Бакиону, Amiya Scan, немец судносу Lehmann Timber; танкер «Смирнини» дагы толуп жаткан ар кайсы мамлекеттердин кемесин жылына жүздөгөн кемелерди колго түшүргөн сомалилик деңиз каракчылары дүйнө элинин жинине тийет. 2008-жылдын 3 - июнунда БУУ согуш кемелерин Сомали менен согуш аракетин жүргүзүүгө уруксат берген.
Ал эми Кыргызстандын ошол кездеги президенти Алмаз Атамбаев 2015-жылы башка мамлекет калбай калгансып Сомалиге тик учмаларды жөнөтүү үчүн Коргоо министрлигине тапшырма берет. Бул сунушту кош колдоп колдогон Сапар Исаковдун айтканындай улуттук кызыкчылыкка төп келеби же жокпу эл өзү чечер.Бирок, кыргыздар кызматтын кулу эмес, патриот жигиттерден кур кол эмес. Ошол кездеги Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев кызматынан айрылып, куугунтукка кабыларын түшүнүп турса да, Сомалиге тик учмаларды берүүгө каршы чыгып, бул идея ишке ашпай калган. Башка Атамбаевдин көзүнүн кареги менен «ляппай» деп турган министр болгондо тик учмалар Сомалиге берилип кетмек.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg