www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дене таптын жогорулашы, жөтөл, дем алуунун кыйындашы-бул коронавируска чалдыккандардын белгилери. Айрым учурларда илдеттин белгилери байкалбаган кишилер да болот. Вирустун симптомдорун кантип аныктоо керек жана кандай сактык чараларын көрүү керек? Хуанчжу Шибаонун күнүмдүк гезитиндеги ушул жана башка суроолорго Ухань шаардык Саламаттык сактоо комитети жооп берген, анын жообун чет элдик маалымат булактары жазып чыгышкан.

Ухань шаарынын расмий интернет-порталында жарыяланган кабарга ылайык, шаардын ден-соолук комитети провинциялардын жана муниципалдык адистердин коронавирустук инфекциянын алып жүрүүчүлөрү жөнүндөгү суроолоруна жооп берүү үчүн облустук жана муниципалдык адистердин консультативдик отурумун уюштурган.

1. Белгилери байкалбаган илдетти алып жүрүүчүлөр кимдер?

“Коронавирустук инфекцияны алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча планга" ылайык, коронавирустун белгилерин алып жүрүүчү адамдар - бул оорунун белгилери байкалбаган адамдар (мисалы, ысытма, жөтөл, тамак оору ж.б.). Бирок алардын организминдеги дем алуу жолдорунда Covid-19га мүнөздүү болгон ооруну козгоочу белгилер табылган.

2. Белгилери байкалбаган илдетти алып жүрүүчүлөрдү кантип аныктаса болот?

Белгиси байкалбаган бейтаптар негизинен, оорулуу адамдар менен тыгыз байланышта болгон адамдарды скрининг, массалык эпидемиологиялык изилдөөлөр жана инфекция булактарына мониторинг жүргүзүү аркылуу аныктоого болот.
3. Белгилери байкалбаган илдетти алып жүрүүчүлөр ооруну башкаларга жугуза алабы?

 Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун жаңы түрүн, негизинен, оорунун белгилери бар адамдар жуктурат деп белгилешкен. Ошентип, илдеттин белгилери байкалбаган алып жүрүүчүлөрү инфекциянын негизги булагы эмес. Бирок илдетти алып жүрүүчүлөр инфекциянын булагы болушу мүмкүн жана алардан вирусту жуктуруп алуу коркунучу бар.
4. Илдеттин белгилери байкалбаган алып жүрүүчүлөрү эмне үчүн тастыкталган учурларга кошулган эмес?

“Коронавирустук инфекцияны алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча планына" ылайык оорунун шектүү жана тастыкталган учурлары клиникалык көрүнүштөргө ээ болушу керек. Оорунун клиникалык көрүнүштөрү жок алып жүрүүчүлөрдү 14 күн бою изоляциялап, андан ары изилдөө керек. Эгерде мындай ташуучуда обочолонуу мезгилинде оорунун белгилери байкалса, анда бул оорунун тастыкталган учуру деп эсептелет.
5. Белгилери байкалбаган илдетти алып жүрүүчүлөрдө оорунун белгилери байкалышы мүмкүнбү?

Белгилери байкалбаган илдетти алып жүрүүчүлөрдө кийинчерээк оорунун белгилерин байкалат. Көпчүлүк учурда мындай адамдарды өз алдынча айыктырууга болот
6. Белгилери байкалбаган илдетти алып жүрүүчүлөрдү эмне кылуу керек?

Алар 14 күнгө карнтинге жатышы керек. Убакыт бүткөндөн кийин катарынан эки ирет ДНК тести алынат (аралыгы 24 саат).Эгер анда илдеттин белгилери байкалса, анда  тезинен ооруканага жаткырылышы керек.
7. Белгилери байкалбаган илдетти алып жүрүүчүлөрдөн жугуу коркунучун азайтуу үчүн кандай сактык чараларын көрүүгө болот?

Жалпы калк жөнүндө сөз болуп жатса, бет кап кийүү, аралыкты сактоо, колду тез-тез жууп туруу жана эл көп чогулган жерлерден алыс болуу эң натыйжалуу коргоо чаралары болуп саналат.

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Санташ айылынын вирус табылган тургуну өзүнүн абалы тууралуу видео-кайрылуу жасады.

Анын айтымында, алардын абалы жакшы, дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок.

Белгилей кетсек, аталган жаран Индиядан дааваттан келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости