www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Россиядагы өкүлү Мелита Вуйнович коронавирустун "омикрон" штаммынан улам дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Эске салсак, Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталып, ДССУ жума күнү чукул жыйын өткөргөн. Буга байланыштуу Улуу Британия менен Израилде Түштүк Африкага каттамдар токтотулган.

"Менимче, көп нерсе али белгилүү боло электе ызы-чуу түшүүнүн кажети жок. Азыр бул вирус вакцинанын күчүнө туруштук бере алса, ошондо гана тынчсыздануу керек", — деген Вуйнович.

ДССУ өкүлү Африкада вакцина аз экенин, ошол эле учурда Түштүк Африка препаратты өзү чыгарып келерин кошумчалады.

Адистер бул штамм дагы дүйнөгө тарап кетиши толук мүмкүн экенин белгилешкен. Вирустун өтө жугуштуу экенин айтышып, ал вакцинага дагы туруштук бериши мүмкүн деп божомолдошкон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости