www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Партиялык тизмеде аял талапкерлердин саны 36% түзөт

Кыргызстандын Жогорку Кеңешине ат салышып жаткан партиялардын тизмесинде талапкерлердин 36% аялдар, 63% эркектер түзөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова Коопсуздук кеңешинин 26-ноябрдагы жыйынында билдирди.

Бир мандаттуу округдардан катышып жаткан талапкерлердин арасында аялдар 10% жетпейт.

Майыптыгы бар талапкерлер 4,5%, этникалык топтордон 18,4%, 35 жашка чейинкилер 25% түзөт.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, партиялардын тизмесинде гендердик, аймактык, курагына, социалдык тобуна байланыштуу баланс сакталууга тийиш.

Белгилей кетсек, бүгүн,  28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат келет.

2020-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына оппозициялык партиялар жана жарандык коом нааразылык билдирип, бийлик алмашкан жана шайлоо жокко чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости