www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоого катышкандан кийин жумуш сапары менен Ашхабад шаарына учуп кетти. Сапар алкагында Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат деп белгилейт президенттик аппарат.

Уюмга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчылары ЭКУ мейкиндигинде регионалдык экономикалык кызматташтыктын актуалдуу жана негизги темалары боюнча пикир алмашышат, ошондой эле, Түркмөнстандын уюмга жана анын уставдык органдарына төрагалыгынын жыйынтыгын чыгараары күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

Президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчиси Талант Султанов;

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

Кыргыз Республикасынын Экономикалык кызматташтык уюмундагы туруктуу өкүлү, Кыргыз жергесинин Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыков.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров бүгүн эле, 28-ноябрда, кечинде Бишкеке кайра учуп келет.

Булак: NazarNews.kg
 

 

Последние новости