www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус оорусу жайылган Кытайдын Хубэй шаарында 140 орусиялык жарандар бар. Бул тууралуу Россия элчилигинин пресс-катчысы Георгий Егоровго таянып, РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Хубэй шаарында орусиялык жарандардын арасында коронавирус оорусу менен ооругандар жок.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган шаарда 15 кыргыз жараны бар экени маалым болгон.

2019-жылдын аягында Кытайдын Хубэй провинциясында жаңы коронавирус оорусу чыкканы тууралуу маалымат тараган. Эксперттер бул жаңы оору адамдан адамга аба аркылуу жугарын айтышкан.

Кытайдын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча улуттук борборунун окумуштуулары коронавирус оорусу Ухандагы Хуанань дүң рыногунан келип чыкканын далилдешти. Мындан сырткары, Чжэцзян провинциясынын Чжоушань шаарында жарганаттын коронавирусуна окшош экени маалым болгон. Оорунун белгилери-температуранын көтөрүлүшү, жөтөл, дем алуунун кыйындашы жана лихорадка.  

Коронавирустан каза тапкандардын саны 80ге жетти, ал эми 274 ашуун адам ооруп жатат. Вирус Кытай мамлекетинен Түштүк Корея, Япония, АКШ, Таиланд, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия жана Малайзия өлкөлөэрүнө чейин жетти.

Кытайдын бийлиги жапайы жаныбарларды сатууга жана экспорттого тыюу салды. Өлкөнүн көпчүлүк шаарлары карантинге жабылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости