www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттигине келген каттардын сабын Бишкек шаардык 1-поликлиникасынын мурдагы директору Айдарбек Шакировдун мыйзамсыз иштери тууралуу жазылган кат толуктады. 

Кайгырып жазылган кат төмөндө толугу менен:

Айтайын дегенибиз Бишкек шаардык 1-поликлиникасынын мурдагы директору Айдарбек Шакировдун мыйзамсыз иштери аныкталып, поликлиниканын жоон топ дарыгерлери адилеттүүлүк үчүн акырына чейин күрөшүп, Президентке жана бийликтин жогорку үч бутагына кайрылуу жолдоп, Саламаттык сактоо министрлигинин астына митингге чыгышып жатып, акыры аны ошол убактагы Министр Талантбек Батыралиев   кызматынан алууга мажбур болгон. Негизи эле Шакиров менен Батыралиевдин кандайдыр бир жакындыгы бар экени айтылып, анын алкагында Батыралиев Шакировдун мыйзамсыз иштерине көз жумуп калкалап келгени айтылып келет. Акыры дарыгерлердин чыдамы бүтүп, Шакировдун былыктары апогейине жеткенде ал кызматынан кол жууган. Айдарбек Шакиров директор болуп келиши менен ооруканада коррупция күч алып, дарыгерлердин кызматына жана макамына жараша айлык маяналарынан мыйзамсыз түрдө миң сомдон үч миң сомго чейин өз чөнтөгүн кампайтуу үчүн кармап калууну адатка айлантып алат. Башта дарыгерлер аны түшүнбөй эле айлыктарын карматып жүргөн, кийин анын жосунсуз жоруктары кызыл чектен ашканда акыры дарыгерлердин жарылуусуна алып келген. Эң кызыгы коррупциялык былыктарын дарыгерлердин жоон тобу далилдеп берип, акыры мыйзамсыз иш аракети үчүн кызматтан айдалган Шакировдун ушул күнгө чейин кылмыш жообууна тартылбай ээн эркин чардап жүргөнү таң калтырууда. Же Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү кызматынан алуу менен гана тим болобу? Адилеттүүлүк, жарандардын укугун коргоо деген барбы деги бизде? Балким Шакиров күч түзүмдөрүнүн алкымдарына мыйзамсыз тапкан жашылбайларын тыгып койгонбу? Эгерде бул эргулдун мыйзамсыз иштери  иликтенип, жоопко тартылбаса анда соттордун булганып бүткөнү. Кыскасы абал чатак...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости