www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 21-январда бейтап кош бойлуу дарыгерге кол көтөрүп, анын боюнан козголуп, ооруканага жаткырылгандыгы маалымдалган. Жогорудагы бейтап милиция тарабынан изделип, жаткандыгы тууралуу аталган кызматтын өкүлдөрү тарабынан кабарланган.
Бүгүн жергиликтүү ММКнын бирине кол салды делген К. Ө. аттуу айым окуя боюнча өз версиясын айтып чыкты.
Белгилүү болгондой 21-январда №3 Шаардык балдар клиникалык ооруканасынын тез жардам кызматынын дарыгери С. Н. Октябрь РИИБине кайрылган. Анда дарыгердин кабыл алуусундагы бейтап өзүн агрессивдүү тутуп, жаман сөздөрдү сүйлөп, дарыгерге жаракат келтиргендигин айтып, аялга чара көрүүнүн сураган.
К. Ө. аттуу айым да милицияга дарыгердин үстүнөн арыз жазгандыгын билдирди.
Кол салды делген айымдын айтымында 3 жаштагы уулу ооруп, дене табы түшпөй койгондуктан, №12 аймактык ооруканага кайрылган. “Ал жактан бизге №3 Шаардык балдар клиникалык ооруканасына жатышыбызды айтышып, ошол жака жиберишкен. Мурда балам тез-тез титиреп (судороги) калчу. Биз невролог менен гематологдун каттоосунда турабыз. Алар баланын дене табы 38 градустан көтөрүлбөшү керектигин айтышкан. Баламдын дене табы 39 градус болгону үчүн шашып, коркуп, баланы жаткырабыз деп барганбыз”, -деп билдирген ал.
Анын айтымында дарыгерлер “себебин түшүндүрбөй эле, аларды кабыл алуудан баш тарткан”.
“Жугуштуу оорулар ооруканасына баргыла, бул жерде башка балдарга жугузасыңар” дегенде мен өзүмдү кармай албай калдым. Анын үстүнө ошол учурда термометр колумдан түшүп, сынып кетти. Андан кийин дарыгер:“Мурдагы дарыгер менен урушуп кеткен келиндей сени шерменде кылам деп кыйкырып, телефонун алып чыкты. Мен анын колунан телефонун алганга аракет кылдым”,-деп кабарлаган К. Ө.
Бейтап дарыгердин ага кол салды деген айыптоону четке кагып, тескерисинче, "дарыгер анын бетин тытканга умтулуп, чачыма жабышты" деп айтты.
Булак:NazarNews.kg