www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кош бойлуулук – аялдын жашоосундагы эң бир жагымдуу учур. Ошол эле учурда жоопкерчилик да эки эсе күчөйт. Анткени айым мурункудай жалгыз эле өзүнө эмес, курсагындагы түйүлдүккө да кошо кам көрүүсү керек болот. Биздин учурдагы кош бойлуу жылдыздар кантип өздөрүнө кам көрүп жатышты болду экен?
Асема Токтобекова, ырчы, актриса: “Эртең мененки көнүгүү бир күндүк энергия тартуулайт“
- Азыр ай-күнүм жакындап, ичим чоңоюп, өзүм шишип калдым. Кош бойлуу кезде көнүгүү айым өзүн сергек алып жүргөнгө, төрөттүн жеңил өтүшүнө абдан жардам берет. Интернет булактарынан кош бойлууларга арналган көнүгүүлөрдү карап алып, күнүгө эртең менен жарым сааттан жасап турам. Кош бойлуу айымдын организми клетчаткага муктаж болот. Ошондуктан мен курамында клетчатка бар кургатылган өрүк, дан өсүмдүктөрүн, жер-жемиштерди жегенге аракет кылам. Себеби клетчатка ичтин катуусунан, көбүүсүнөн, ашыкча салмак кошуудан сактайт. Наристе күтүп жаткан айымдын организминде глюкоза көбөйөт, мындан улам кант диабети оорусуна дуушар болуусу ыктымал. Эгерде тамактануу рационуңуз клетчаткага бай болсо, бул оорудан алыс болосуз.
Кундуз Казыбек кызы, диджей: “Сүт азыктарына жакын болбосом да, балам үчүн быштак жегенге туура келип жатат”
- Улуу балдарыма кош бойлуу болгон учурда эт, камыр тамактарга басым жасачумун. Ал эми мында жалаң жашылча, мөмө-жемиш жеп жатам. Айрыкча алма, жүзүм жана алмурутту өзүмдөн аяган жокмун. Ушундан улам ашыкча салмак кошкон жокмун. Негизи, өзүм сүт азыктарына такыр жокмун. Бирок баламдын саламаттыгы үчүн күнүгө эртең менен быштак жегенди адатка айланткам. Негизи эле бара-бара тажрыйбалуу боло берет экенсиң. Мурунку балдарымда “кош бойлуу айым эс алуусу керек” деген ойдо болуп, үйдө жатып көп эс алып коюптурмун. Азыр болсо мүмкүн болушунча кыймылда болгонго аракет кылып жатам. Ай-күнүмдүн жакындаганына карабай көп долбоорлордун үстүндө иштеп, ал иштеримди бүтүрүүдө унаага түшпөй жөө жүрөм, жумуштан кийин дагы сөзсүз сейилдөөгө чыгам.
Бегимай Бекбоева, ырчы: “Күнүнө 2-3 литр бозо ичип жатам”
- Мен кош бойлуу болгондон бери шаркыраган суунун үнүн угууну каалап калдым. Ушундай үндөрдү атайын таап жаздырып алгам. Кечинде аны угуп жатсам тынч уктайм, өзүмдү шаркыраган суунун боюнда жаткандай сезем. Эртең менен да көтөрүңкү маанайда ойгоном. Гемоглобиним жакшы болуусу үчүн күнүнө 2-3 литрден таруудан жасалган бозо ичип жатам. Менин саламаттагым баламдын ден соолугуна да таасирин тийгизет эмеспи, андыктан буга өзгөчө көңүл буруум керек. Ошондой эле помидорду көп жеп жатам. Интернеттен карасам помидордун ичимдеги наристемдин ден соолугуна, өзүмдүкүнө тийгизген таасири чоң экен.
Элзар Өскөнбаева, ырчы: “Кош бойлуу аял кофе ичпеш керек деген эрежени четке кактым”
- Кош бойлуу айымдын эң биринчи милдети – туура тамактануу. Мен дагы өзүмдүн, курсагымдагы баламдын ден соолугун ойлоп, туура тамактанууга басым жасоодомун. Майлуу, камыр тамактарга тартып жатса дагы алардан баш тартып, уйдун этин кайнатып алып жалаң шорпо ичип жатам. Чындыгында, гемоглобиним абдан көтөрүлдү. Ошондой эле кызылчадан көп кылып салат жасап алып муздаткычка салып коём да, каалаган учурумда жей берем. Кош бойлуу кезде организмде белок жетиштүү болуусу керек. Ошондуктан мен күнүнө эки маал бир даанадан сууга бышырылган жумуртка жеп турам. Жумуртканын курамында белоктон башка А, D, E витаминдери жана көп минералдык заттар бар. Ошондой эле “кош бойлуу айым кофе ичпөөсү керек” деген эрежени четке кагып кофе ичип турам. Анткени менин кан басымым аябай эле төмөн, кан басымды нормада сактап турууга мага кофе жакшы жардам берет. Изилдөөчүлөрдүн сөзүнө таянсак деле кош бойлуу айым күнүнө 200 граммдан кофе ичип турса болот экен.
Автор: Айгерим Токтобай кызы
Булак: NazarNews.kg