www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кримтөбөл Батукаевдин бошотулушу боюнча ИИМ Атамбаевди суракка үч жолу чакырып, алып бара албай коюшту.
Төртүнчү жолу ИИМ министринин орун басары Кой-Таштагы үйүнө барып, кире албай кеткен. Ошондон кийин эле ал Кремлди көздөй сызган.
Келгенден кийин кенен-чонон жүрүп, атүгүл шарт кое баштады. “Мен Батукаев боюнча айтам, бирок ал ММКларга жарыяланбасын”, - деп баштаптыр, анда дагы өзү барбайт, кат аркылуу жооп берет имиш. Анын мындай оюн анын адвокаты Сергей Слесаров юридикалык тил менен жарыя кылууда.
Адвокаттын айтымында, ал ИИМдин тергөө кызматына өтүнүч менен кайрылган. "Мурдагы президентке берилчү суроолор жиберилсин, Атамбаев тергөөнүн купуялуулугун сактоо менен ИИМдин өзүнө жообун берип жиберет" деп тергөө кызматына өтүнүч менен кайрылгам. Тилекке каршы, ИИМден терс жооп келди”, - дейт Слесарев.
Булак: NazarNews.kg